Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жаңы дайындалган башчысы-аким Дамир Кулбаев Кыз-Көл айыл аймагынын тургундары менен жолугушту

WhatsApp Image 2026 03 24 at 17.02.47

Бүгүн, Кыз-Көл айыл аймагында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жаңы дайындалган башчысы-аким Кулбаев Дамир Садырбековичтин жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга айыл аймактын жетекчилиги, мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, аксакалдар, жаштар жана айыл тургундары активдүү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аким өзүнүн алдыдагы иш пландары тууралуу маалымат берип, районду өнүктүрүүгө багытталган негизги артыкчылыктуу багыттарды белгиледи.

Жолугушуунун алкагында жергиликтүү тургундар тарабынан бир катар актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Атап айтканда:

жолдордун абалы жана оңдоо иштери
таза суу менен камсыз кылуу
электр энергиясына байланышкан көйгөйлөр
социалдык объекттердин абалы
жаштарды иш менен камсыз кылуу маселелери

Аким көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берип, айрым көйгөйлөрдү чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилерин белгиледи. Ошондой эле жарандардын сунуш-пикирлери эске алынып, этап-этабы менен чечүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында жергиликтүү бийлик менен калктын ортосундагы өз ара кызматташтыкты күчөтүү, ачык-айкын иш алып баруу жана калктын ишенимин арттыруу негизги максат катары белгиленди.

Мындай жолугушуулар алдыда дагы улантылып, район аймагындагы бардык айыл аймактарды камтый турганы айтылды.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген