Президенттин облустагы өкүлү Тилек Текебаевдин Кыз-Көл айыл аймагынын тургундары менен жолукту

News

Жалал-Абад облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Кыз-Көл айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулар аймактагы социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Тургундар тарабынан жер маселелери, таза ичүүчү суунун жетишсиздиги, ички жолдордун абалы, мал уурулугу жана коомдук коопсуздук маселелери тууралуу суроолор берилди. Ошондой эле жаштар үчүн спорттук жана маданий объектилерди куруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана таштанды маселесин жөнгө салуу боюнча сунуштар айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилип, жарандардын кайрылуулары расмий түрдө кабыл алынды. Көтөрүлгөн маселелер мыйзам чегинде каралып, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча иштер жүргүзүлөрү белгиленди.

2026-жылдын 14-майында саат 10:00до Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу окулу Т.К.Текебаев Кыз-Кол айыл аймагынын жергиликтуу тургундары менен жолугушту.
Жолугушууга Жалал-Абад облустук, Сузак райондук мекеме, ишканаларынын жетекчилери, жергиликтуу тургундар, жалпы 220 адам катышты.
Жолугушуу учурунда жол, таза суу, сугат суу, жайыт, жер, бала бакча, мектеп койгойлору, саламаттык сактоо тармагындагы койгойлуу маселелер которулду.
Жалпы 40 жаран тарабынан 87 маселе которулду.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген