Кыз-Көл айыл аймагында жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы маанилүү иштердин бири катары жаңгак көчөттөрүн отургузуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул саамалык ФАОнун колдоосу менен ишке ашырылып, жалпы 21 гектар аянтты камтыйт.
Долбоордун негизги максаты — аймактагы жашыл тилкелерди көбөйтүү, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана келечек муундар үчүн экологиялык жактан пайдалуу шарт түзүү. Жаңгак көчөттөрүн отургузуу иштери айыл аймагын көрктөндүрүү менен катар, узак мөөнөттүү экономикалык жана экологиялык пайда алып келүүгө багытталган.


