Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

2025-жылдын 8-августундагы №4- токтомуна Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

09-октябрь 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын
№ 1-токтому
2025-жылдын 8-августундагы №4- токтомуна Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

  1. Кыргыз Республикасынын сатып алуулар мыйзамына ылайык конкурстун жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн 792,5 (жети жүз токсон эки миң беш жүз) миң сөм өлчөмүндөгү акча каражаты 2025-жылга бекитилген чыгымдар эсебинен бөлүмдөр жана беренелер аралык №1- тиркемеге ылайык кыскартылсын.
  2. Кыз-Көл айыл өкмөтүнун 2025-жылдын 6-февралындагы №3-сессиясынын №2- токтому менен 2025-жылга бекитилген чыгымдарында аткарууга талап кылынбаган 3714,1 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты №2- тиркемеге ылайык кыскартылсын.
  3. Жогоруда кыскартылган 4506,6 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты эсебинен айыл өкмөтүнүн аймагында аткарууга талап кылынуучу социалдык маселелерди каржылоо №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  4. Акча каражатын максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумаевге жана СЭӨБ башчысы Б.Байзаковага жүктөлсүн.
  5. 2025-жылдын бюджетинде бекитилген чыгымдарга өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
  6. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө  кирет.
  7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнун башчысы А.Жумабаевге жана айылдык кеңешинин бюджет комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага:    К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

09-октябрь 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын
№ 2-токтому
Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө

  1. Кыз-Көл айыл аймагында жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрында Чымчык-Жар айылындагы №89 П.Жуманазаров атындагы ЖББ орто мектебинин жыйындар залында саат 10-00дө өткөрүлсүн.
  2. Айыл аймагынын айылдарынан өкүчүлүктүү жыйынга калктын санына жараша 100(жүз) адам деп бекитилсин.
  3. Өкүлчүлүктүү жыйындар төмөндөгүдөй график боюнча айыл айылдарда өткөрүлсүн. (1-тиркеме тиркелет)
  4. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн. Жумушчу топтун төрагасы К.Кушбаков, катчысы К.Мурзакматов, мүчөлөрү Н.Абдурасулов, И.Тилекеев, Т.Исмаилов. (2-тиркеме тиркелет)
  5. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага:    К.Т.Кушбаков

Кыз-Көл айылдык кеңешинин

                                                                                   9-октябрындагы 2025-жылдын

                                                                                   кезектеги 7-сессиясынын 2-токтомунун

                                                                                   №2- тиркемеси

                                                                                   төрага_________________К.Кушбаков

 

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 5(беш) адамдан куралсын жана төмөндөгүдөй бекитилсин.

 

  1. Кушбаков Кылычбек Турдумаматович
  2. Абдурасулов Нурбек Акжигитович
  3. Мурзакматов Кубанычбек Сыргабаевич
  4. Исмаилов Тагайбек Сооронбаевич
  5. Тилекеев Ибраим Базарбаевич

 

 

 

Атк: К.Музакматов

0555026802

                                                                                          

 

 

                                                                                   Кыз-Көл айылдык кеңешинин

                                                                                   9-октябрындагы 2025-жылдын

                                                                                   кезектеги 7-сессиясынын 2-токтомунун

                                                                                   №1- тиркемеси

                                                                                   төрага_________________К.Кушбаков

 

Кыз-Көл айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү күнүнүн графиги

Айылдардын аталышы

Жыйын өткөрүлүүчү жай

Өткөзүлүүчү

күнү, убактысы

Делегат

тардын

саны

Жумушчу топтун мүчөлөрү

1

Чымчык-Жар айылы

П.Жуманазаров мектеби

20.10.2025ж

Саат 10-00

8

а/к депут Т.Тойчиева

а/к депут Канатбек у Эрлан

а/ө кызмат А.Тилекеев

а/башчы М.Сооронбаев

ж/активист И.Тилекеев

 

2

Кыз-Көл айылы

Д.Шопоков мектеби

20.10.2025ж

Саат 12-00

5

а/к депут М.Абдурасулов

а/к депут М.Аширалиев

а/ө кызматА.Тилекеев

а/башчы М.Сооронбаев

ж/активист И.Тилекеев

3

Ак-Тоок айылы

Ш.Абдыраманов мектеби

20.10.2025ж

Саат 14-00

16

а/к депут Т.Салиев

а/к депут Н.Султаналиев

а/ө кызмат А,Тилекеев

а/башчы М.Сооронбаев

ж/активист И.Тилекеев

4

Каду айылы

Т.Кайыпов мектеби

20.10.2015ж

Саат 16-00

8

а/к депут Э.Акматалиева

а/к депут М.Аширалиев

а/ө кызмат А.Тилекеев

а/башчы Г.Маматкулов

ж/активист И.Тилекеев

5

Карамарт айылы

К.Бакиев мектеби

21.10.2025ж

Саат 10-00

5

а/к депут У.Разакулова

а/к депут А.Сарбагышова

а/ө кызмат А.Тилекеев

а/башчы Н.Айдаров

ж/активист И.Тилекеев

6

Карамарт 1 айылы

А.Жапарбаев мектеби

21.10.2025ж

Саат 14-00

14

а/к депут  Ы.Айдаров

а/к депут  Б.Жапарбаев

а/ө кымат А.Тилекеев

а/башчы Н.Айдаров

ж/активист И.Тилекеев

7

Ак-Булак айылы

Б.Камбаров мектеби

21.10.2025ж

Саат 16-00

6

а/к депут Б.Жапарбаев

а/к депут Ы.Айдаров

а/ө кызмат А.Тилекеев

а/башчы Н.Айдаров

ж/активист И.Тилекеев

8

Жаңы-Арык айылы

А.Мамбетаипов мектеп филиалы

22.10.2025ж

Саат 10-00

3

а/к депут Н.Абдырасулов

а/к депут Ж.Молдошов

а/ө кызмат Т.Исмаилов

а/башчы М.Азимов

ж/активист И.Тилекеев

9

Кашка-Терек айылы

А.Мамбетаипов мектеби

22.10.2025ж

Саат 12-00

6

а/к депут Н.Абдырасулов

а/к депут К.Мамбетаипов

а/ө кызмат Т.Исмаилов

а/башчы М.Азимов

ж/активист И.Тилекеев

10

Кызыл-Кыя айылы Жаңы-Айыл участ

Келечек мектеби

22.10.2025ж

Саат 14-00

8

а/к депут Н.Абдырасулов

а/к депут С.Муратова

а/ө кызмат Т.Исмаилов

а/башчы М.Азимов

ж/активист И.Тилекеев

11

Сары-Булак айылы

З.Саралаев метеби

22.10.2025ж

Саат 16-00

5

а/к депут Н.Абдырасулов

а/к депутН.Мамырасулов

а/ө кызмат Т.Исмаилов

а/башчы М.Азимов

ж/активист И.Тилекеев

12

Орток айылы

Алыбаев мектеби

23.10.2025ж

Саат 10-00

2

а/к депутК.Эгембердиева

а/к депут Т.Шүкүров

а/ө кызмат Т.Исмаилов

а/башчы Ж.Таштанов

ж/активист И.Тилекеев

13

Кара-Булак айылы

А.Молдоисаев мектеби

23.10.2025ж

Саат 14-00

10

а/к депутК.Эгембердиева

а/к депут Ч.Насиркулова

а/ө кызмат Т.Исмаилов

а/башчы А.Алыкулов

ж/активист И.Тилекеев

14

Катыраңкы айылы

О.Абдыкамалов мектеби

23.10.2025ж

Саат 16-00

4

а/к депутК.Эгембердиева

а/к депут М.Орозов

а/ө кызмат Т.Исмаилов

а/башчы Т.Көчөров

ж/активист И.Тилекеев

 

 

 

 

 

Атк: К.Музакматов

0555026802

                                                                                          

 

 


 

 

Кыз-Көл айыл аймагынын  айылдык кенешинин депутаттарынын

кезектеги VII сессиясынын

 

ПРОТОКОЛУ

                                                                     

                                                               09.10.2025-ж                                                                                                                              Чымчык-Жар айылы                                                                           

                                                                                  

Кыз-Көл айылдык кенешинин  кезектеги VII сессиясына айылдык Кенешинин  21 депутатынан  18 депутат катышып жатат. себептүүсү 3, себепсиз  жок

Урматтуу депутаттар! Бүгүнкү сессияда каралуучу маселе бар.

1.     Элдик курултай жөнүндө

 

Сессиянын күн тартиби менен төрага тааныштырып, күн тартиби сунуш берүү менен бекитилди. Сессиянын жүрүшү боюнча регламентин бектип алуу боюнча сунуштарды угуп, чыгып сүйлөөчүгө 3-5 минутага чейин убакыт берилди.

Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайды өткөрүү боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан 2025-жылдын 9-октябрда сессияда  уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ курамы бекитилди.

Календардык планга ылайык тиешелүү айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын же курултайдын чакыруу күнү белгиленди. Календардык план менен аныкталуучу мөөнөттөргө ылайык коомдук өз алдынча башкаруу боюнча жарандардын жыйындарын өткөрүүнүн графигин жана ага жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарын, жумушчу топтун мүчөлөрү бекитилди. Жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүк чечимине ылайык жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын же курултайынын катышуучуларынын жалпы саны аныкталды. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын же курултайынын катышуучуларын аныктоо максатында айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарына же курултайына катышуучулардын санынын квотасы бекитилди. Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү үчүн жооптуу жооптуу депутаттар көрсөтүлдү.

1.     Чымчык-Жар айылы- Т.Тойчуева

2.     Кыз-Көл айылы – М.Абдурасулов

3.     Ак-Тоок айылы – Т.Салиев

4.     Каду айылы- Э.Акматалиева

5.     Карамарт айылы – У.Разакулова

6.     Карамарт 1 айылы – Ы.Айдаров

7.     Ак-Булак айылы- Б.Жапарбаев

8.     Жаңы-Арык айылы- Н.Абдурасулов

9.     Кашка-Терек айылы – Н.Абдурасулов

10.                       Кызыл-Кыя айылы

жана Жаңы-Айыл участкасы- Н.Абдурасулов

11.                       Сары-Булак айылы- Н.Абдурасулов

12.                       Орток айылы – К.Эгембердиева

13.                       Кара-Булак айылы- К.Эгембердиева

14.                       Катыраңкы айылы- К.Эгембердиев

 

 

Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы:                              К.Кушбаков

 

 

Кыз-Көл айылдык кеңешинин катчысы:                              К.Мурзакматов

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Акча каражатын жылдыруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

09-октябрь 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын
№ 3-токтому
Акча каражатын жылдыруу жөнүндө

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жоошолуу жайлоосунда Сибирь жарасынын очокторун кашалоо жана дарылоо иштерине каралган акча каражатын башкаруу бөлүмүнүн 2215 беренесинде тургандыгына байланыштуу коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине жылдырылып берилсин.
  2. Турак жай бөлүмүнүн 3111 беренесинен каралган Кара-Булак айылындагы жаңы курулган жолдун жээгине латок алуу үчүн каралган акча каражатынын максаты Кара-Булак айылындагы ФАПтын айланасын тоосу үчүн акча каражаты жылдырылып берилсин.
  3. Акча каражатын жылдырып берүү жагы айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысы Б.Байзаковага жүктөлсүн
  4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө  кирет.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумабаевге милдеттендирилсин.

Төрага:    К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Жаңы-Айыл участкасына “Айыл” статусун берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

09-октябрь 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын
№ 4-токтому
Жаңы-Айыл участкасына “Айыл” статусун берүү жөнүндө

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Терек айылындагы Жаңы-Айыл участкасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнчө “Айыл” статусун берүү боюнча Сузак райондук мамлекеттик администрациясына  сунушталсын.
  2. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө  кирет.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага:    К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Көк-Булак участкасына “Айыл” статусун берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

09-октябрь 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын
№ 5-токтому
Көк-Булак участкасына “Айыл” статусун берүү жөнүндө

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Булак  участкасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнчө “Айыл” статусун берүү боюнча Сузак райондук мамлекеттик администрациясына  сунушталсын.
  2. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө  кирет.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага:    К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Күндөн энергия алуучу батерейкаларды коюуга жер тилкесин арендага берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

09-октябрь 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын
№ 6-токтому
Күндөн энергия алуучу батерейкаларды коюуга жер тилкесин арендага берүү жөнүндө

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык-Жар айылындагы сайдын жээгинен күндөн энергия алуучу батерейкаларды коюу үчүн 2гектар 80 сотых жер тилкесин мыйзам чегинде ижарага берүү жагы каралсын.
  2. Жер тилкесин тактап, ижарага  берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумабаевге жүктөлсүн.
  3.                                                                                                                                                                                                          
  4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине

            жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө  кирет.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:    К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Сыйлоо иретинде жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

09-октябрь 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын
№ 7-токтому
Сыйлоо иретинде жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургуну Турдуев Кымбатбек Акыпжановичке  турак жай салуу үчүн сыйлоо иретинде калктуу конуштун ичинен 0,10га жер тилкеси мыйзам чегинде бөлүнүп берилсин. (тиркеме тиркелет)
  2. Жер тилкесин тактап, бөлүп берүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  жер адиси А.Орозалиевге жүктөлсүн.
  3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине    жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө  кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумабаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:    К.Т.Кушбаков

Кыз-Көл айыл  аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы түзүлгөн   “Агрардык саясат өзгөчө кырдаалдар,экология,курулуш ,архитектуражана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын” жана “ Социалдык ,коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиясынын”  биргелешкен отурумунун

    

№ 1ПРОТОКОЛУ

 

08.10.2025-ж                                                                                                Чымчык-Жар  айылы   

                                                                                                               

Катышты:10

 Разакулова Урматхан Кошалиевна- Агрардык саясат өзгөчө кырдаалдар,экология,курулуш ,архитектуражана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы.

 Акматалиева Эльмира Кочкорбаевна-Социалдык ,коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиясынын төрайымы.

                          

Комиссиянын мүчөлөрү:

Тойчиева Тазагүл-айылдык кенешинин депутатты                                                                               Шүкүров Түгөлбек -айылдык кенешинин депутатты

Канатбек уулу Эрлан- айылдык кенешинин депутатты

Аширалиев Маратбек- айылдык кенешинин депутатты

Салиев Темирлан- айылдык кенешинин депутатты

Молдошев Жеңишбек- айылдык кенешинин депутатты

Сарбагышова  Анийпа- айылдык кенешинин депутатты

Айдаралиев Ынакбек- айылдык кенешинин депутатты

 

                              КҮН ТАРТИБИНДЕ КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕ:

 

  1.  Кыз-Көл айыл аймагынын алдында  турак жай комиссиясынын отурумунун  Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургуну Турдуев Кымбатбек  Акыпжанович жана Омокова Аксана Курманбековна     бир үй-бүлөөнүн арызы жөнүндөгу кайрылуусу тууралуу.

 

     Күн тартибиндеги маселе боюнча социалдык ,коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиясынын төрайымыы Акматалиева Эльмира Кочкорбаевна төмөнкүлөргө токтолду:”  Кыз-Көл айылдык кеңешине Кыз-Көл айыл аймагынын алдында  турак жай комиссиясынын  Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургуну Турдуев Кымбатбек  Акыпжанович жана Омокова Аксана Курманбековна     бир үй-бүлөөнүн арызы жөнүндөгу кайрылуусу тууралуу № 3 11.09.2025- жылдагы отурумунун протоколдун  чечими  түшкөн Ал чечимде жогоруда аты аталган жарандардын кайрылуусун канааттандыруу максатында турак жай куруу үчун 0.10 га  жер тилкесин бөлүп берүү жагы суралган. Бул 3 эгиз төрөлгөн үй-бүлөөнүн социалдык маселелерин четүү максатында жер кодексинин мыйзамдарына ылайык    сыйлоо иретинде турак жай салууга  жер  тилкесин  бөлүп берүү жагын сунуштайм.   

               Ошондой эле Кыз-Көл айылдык кенешинин социалдык ,коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиясынын мүчөсу  Сарбагышева Анийпа  бул үй бүлөнүн социалдык муктаждыктарын колдоо үчүн турак жай курууга жер тилкесин берүү туура болоорун кеңешке сунуштоону айтып өттту

 Күн тартибиндеги маселе боюнча Разакулова Урматхан Кошалиевна- Агрардык саясат өзгөчө кырдаалдар,экология,курулуш ,архитектуражана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы. Кайрылууда көрсөтүлгөн  үй-бүлөөдө 3 эгиз төрөлгөндүгү туралуу мамлекет тарабынан бир жолу бекер берилүүчү турак жай салуу үчүн жер  аянт албаган болсо ,сыйлоо иретинде 0,10га жер аянтын Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиев ,Кадастр Сузак филиалынын адиси Б.Бегишов ,архитектор О.Шамуратов менен биргеликте жер аянтын берүү жагын Кыз-Көл айылдык кеңешине сунуштоону колдооорун билдирди .

            Комиссиянын мүчөсү Шүкүров Түгөлбек -айылдык кенешинин депутатты

 сөз алып, жогоруда айтылган маселени чечүү керек себеби 3эгиз баланы багып остүрүү бир топ кыйынга турат ошол мебебтен жер аянтын болүп берүү жагын сунуштайм булардын жашоо шарты бир топ кыйын  деген маалымат берди.

Отрумга катышкан калган комиссиянын мүчөлөрү Ашыралиев Маратбек,Канатбек уулу Эрлан,Тойчуева Тазагүл,Молдошев Жеңишбек,Салиев ТемирланАйдаров Ынакбектер Кызыыл-Кыя айылынын тургуну Турдуев Кымбатбектин  арыздары канаттандырылсын  чечим  чыгарып   берүүсүн  Кыз-Кол айылдык кенешине сунуштайлы деген  сөздөрүн билдиришти.

Күн тартибиндеги маселени  отурумдун мүчөлөрү  талкуулап,комитеттердин биргелешкен отурумунда жактырылып төмөндөгүдөй   

                            

                                       ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

 1. Кыз-Көл айыл аймагынын алдында  турак жай комиссиясынын отурумунун  Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургуну Турдуев Кымбатбек  Акыпжанович жана Омокова Аксана Курманбековна     бир үй-бүлөөнүн турак жай курууга сыйлоо иретинде жер тилкесин берүү  арызы жөнүндөгү кайрылуусун канааттандыруу жагы Кыз-Көл айылдык кеңешине сунушталсын.

 

Комиссиясынын төрайымы:                            Разакулова .У.К                         

Комиссиясынын төрайымы:                          Акматалиева Э.К                          

                           

Комиссиянын мүчөлөрү:

                                                                                     Тойчиева Т                                                                                                                                

                                                                                     Шүкүров Т

                                                                                     Канатбек уулу Эрлан

                                                                                     Аширалиев М

                                                                                     Салиев

                                                                                     Молдошев Ж

                                                                                     Сарбагышова  А

                                                                                     Айдаралиев Ы