Кыргыз Республикасы Жалал-Абад облусу Сузак району Кыз-Көл айыл аймагынын АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргызская Республика Жалал-Абад область Сузакский район АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ Кыз-Кольского айылного аймака
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
09-октябрь 2025-жыл
Чымчык-Жар айылы
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын
№ 6-токтому
Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу ( трансформациялоо) жөнүндө
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чымчык-Жар айылында жайгашкан №25 контурундагы 2,48га айыл чарбасынын башка жерин (голечник) №30 контурундагы 0,05га айыл чарбасынын башка жерин (голечник) №2 контурундагы айыл чарбасынын дарыя өзөндөр жалпы 2,87га күн нурунан электр энергиясын алуу максатында күн панелдерин орнотуу үчүн “Айыл чарба жерлери” категориясынын башка жер (голечник) дарыя өзөндөр түрүнөн “Айыл чарба жерлери” категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
I пунктта көрсөтүлгөн жерлердин иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоону жана ишке ашырууну Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевге жүктөлсүн.
Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумабаевге милдеттендирилсин.