Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясынын
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык обьектилеринин курулушу болбогон бош жер участокторун эсепке алуу жана муниципалдык менчик тууралуу маалыматты системалаштыруу менен муниципалдык менчикти натыйжалдуу башкарууну жакшыртуу максатында Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестирин бекитүү жөнүндө
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү натыйжалуу башкаруу максатында, КРнын Өкмөтүнүн 1996 жылдагы 11-ноябрындагы №531 токтому менен жергиликтүү коомчулуктардын менчигине өткөрүлүп берилген социалдык обьектерлерди жана 2002-жылдагы жалпы системалык каттоодо муниципалдык менчик болуп катталган курулуш имараттарын, курулушу болбогон бош жер участокторун, сугат суу насосторун жана скважиналарын жалпы пайдалануудагы жерлер, аялдамалар Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн комиссиясы тарабынан муниципалдык менчик болуп такталган жерлерди, Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестирине катталып, реестри түзүлсүн. (муниципалдык менчик реестири тиркеме катары тиркелет)
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестирине муниципалдык менчик болуп катталган обьектилерди, мүлктөрдү, бош жаткан жерлерди натыйжалуу башкаруу максатында “Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестирине киргизилген муниципалдык менчик жерлерди берүүнүн так жана ачык айкын жол жобосун белгилөө максатында обьектилердин жана бош жаткан жерлердин функционалдуу багытына жараша төмөндөгү 3 группага бөлүнүп классификациясы бекитилсин. (тиркеме катары тиркелет)
А-группасындагы негизги обьектилер
Б-группасындагы Кошумча обьектилер
В-группасындагы Ашыкча обьектилер
4. Токтомдун аткарылышы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Төрага: К.Т.Кушбаков
Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясынын
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестирине киргизилген муниципалдык менчик жерлерди жеке менчикке, кыймылсыз мүлк обьектилерин ижарага, муниципалдык мүлктөрдү пайдаланууга берүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестирине киргизилген муниципалдык менчиктерди натыйжалдуу пайдалануу максатында, КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте болгон жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” жобонун негизинде Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык мүлктөрду пайдаланууга, муниципалдык менчик жерлерди жеке менчикке, кыймылсыз мүлк обьектилерин ижарага берүү боюнча жана комиссиясынын ишмердигин уюштуруу жагынан камсыз кылуу үчун жер комиссиясы түзүлсүн анын курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, Сузак райондук жер ресурустар кызматынын Сузак филиалынын өкүлү жана Сузак райондук архитектура башкармалыгынын өкүлү, Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл башчылары киргизилсин комиссиянын курамына кирген мүчөлөрдөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары комиссиянын төрагасы болуп шайлансын (жер комиссиясынын курамы тиркеме катары тиркелет)
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестирине киргизилген муниципалдык менчиктерди натыйжалдуу пайдалануу максатында КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдыкдык менчикте болгон жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” жобонунун негизинде иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссия курамына милдеттендирилсин.
-
Токтомдун аткарылышы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: К.Т.Кушбаков
Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясынын
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын курамын жана комиссиясынын ишинин регламентин бекитүү жөнүндө
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын ишмердигин уюштуруу жагынан камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу жобонунун 3-бөлүмүнүн 21-пунктуна ылайык 7 кишиден кем эмес жер комиссиясы түзүлсун анын курамына 3 кишиден кем эмес жергиликтүү кеңештин депутаттары, Сузак райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү жана айыл башчылар киргизилсин комиссиясынын курамына кирген депутаттардын ичиненен комиссиянын төрагасы шайлансын. (жер комиссиясынын курамы тиркеме катары тиркелет)
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын ишмердигин уюштуруу жагынан камсыз кылуу максатында комиссиясынын ишинин регламенти бекитилсин. (жер комиссиясынын регламенти тиркеме катары тиркелет)
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба жерлерин ижаралоо укугун берүү боюнча аукционду өткөрүү эрежелери бекитилсин. (тиркеме катары тиркелет)
-
Токтомдун аткарылышы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Төрага: К.Т.Кушбаков
Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясынын
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестирине киргизилген муниципалдык менчик жерлерди пайдалануу үчүн төмөндөгү эрежелер бекитилсин:
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер участкаларын сатуунун эрежеси бекитилсин. (эрежелери тиркелет)
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк обьектилерин, анын ичинде жер участкаларын ижарага берүү эрежеси бекитилсин. (эрежелери тиркелет
-
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аткарымдуу башкаруу укугунда турган муниципалдык мүлктөрдү пайдалануу эрежеси бекитилсин. (эрежелери тиркелет)
-
Токтомдун аткарылышы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Төрага: К.Т.Кушбаков
Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясынын
Муниципалдык менчике алуу жөнүндө
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Катыраңкы айылындагы 461,62 метр квадрат жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
-
Керектүү иш кагаздарын даярдап тактоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевге милдеттендирилсин.
-
Токтомдун аткарылышы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевге жүктөлсүн.
-
Аталган токтом Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
-
Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М.Алиевага милдеттендирилсин.
Төрага: К.Т.Кушбаков
Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясынын
Муниципалдык менчике алуу жөнүндө
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылындагы 0,10га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
-
Керектүү иш кагаздарын даярдап тактоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевге милдеттендирилсин.
-
Токтомдун аткарылышы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысыТ.А.Бобошевге жүктөлсүн.
-
Аталган токтом Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
-
Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М.Алиевага милдеттендирилсин.
Төрага: К.Т.Кушбаков
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңештин №___токтомунун
№1 тиркемеси менен бекитилди “_______”_____________2024-жыл
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы____________________К.Кушбаков
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамы:
1. Комиссиянын төрайымы - айылдык кеңештин депутаты – У.Разакулова
Мүчөлөрү:
2. айылдык кеңештин депутаты – Э.Туташов
3. айылдык кеңештин депутаты – И.Тилекеев
4. айыл өкмөтүнүн жер адиси – А.Орозалиев
5. айыл өкмөтүнүн салык башчысы – А.Мурзалиев
6. айыл өкмөтүнүн экономист-статисти- М.Курбанбаев
7. Жайыт комитетинин төрагасы- К.Садыков
8. РАӨБ Сузак райондук агрардык айыл чарба онуктуруу башкармалыгы адиси- И.Сариков
9 Ар бир айылдын айыл башчылары
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңештин №___токтомунун №1 тиркемеси менен бекитилди “_______”_____________2024-жыл
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы____________________К.Кушбаков
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестрине киргизилген муниципалдык менчик жерлерди жеке менчике, кыймылсыз мүлк обьектилерин ижарага, муниципалдык мүлктөрдү пайдаланууга берүү комиссиясынын курамы:
1. Комиссиянын төрагасы- айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы – С.Абдурасулов
Мүчөлөрү:
2. айылдык кеңештин депутаты – У.Разакулова
3. айылдык кеңештин депутаты – Т.Шукуров
4. айыл өкмөтүнүн жер адиси – А.Орозалиев
5. айыл өкмөтүнүн салык башчысы – А.Мурзалиев
6. айыл өкмөтүнүн экономист-статисти- М.Курбанбаев
7. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Сузак филиалынын адиси- А.Жантураев
8. Сузак райондук мамлекеттик шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын адиси- О.Шамуратов
9. Ар бир айылдын айыл башчысы
Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясынын
Акча каражатын жылдыруу жөнүндө
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы башкаруу бөлүмүнүн 2215 беренесинен каралаган 1193,0 сом акча каражатынан 753,8 сом акча каражаты кемитилип, тизмедеги керектелүүчүлөргө каржылоо төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн. (тиркеме тиркелет)
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы 1-январына карата эркин алдык каражат эсебинен “кесиптик тандоо” боюнча каралган билим берүү бөлүмунун 2215 беренесиндеги акча каражаты жумшалбай калгандыктан 100,0 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштурүлсүн (тиркеме тиркелет)
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген 2215 беренесиндеги ар түрдүү күтүлбөгөн чыгымдар каражат эсебинен айыл өкмөтүндө баланста турган кызматтык авто унаага жана муниципалдык, социалдык имараттарды 2024-жылга камсыздандыруудан өткөрүү боюнча акча каражаты бөлүнсүн.
-
2024-жылдын бюджетинен каралган 1-июнь балдарды коргоо кнн карата 20 000 сом акча каражаты башкаруу бөлүмүнүн 2215 беренесинен 70092 Соц коргоо бөлүмүнүн 2721 беренесине которулуп акча каражаты бөлүнүп берилсин.
-
Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өймөтунүн ФЭБ башчысы М.Дооранкуловго милдеттендирилсин.
-
Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М.Алиевага милдеттендирилсин.
-
Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтунун башчысы Т.Бобошевке милдеттендирилсин.
Төрага: К.Т.Кушбаков
Бөлүм берене Чыгымдардын аталышы Сумма
миң сом
70629 3112 Таза аймак ишканасына телешка (прецеп) алууга 100,0
70111 2621 ЖӨБ Союзуна мүчөлүк акы төлөө 24,0
70111 2215 Айыл өкмөтүндөгү инфодокс программасына 17,1
70921 2215 Орто мектептердин муздаткычын оңдоого 30,0
70629 3111 Ямабеккара курууга 200,0
70111 2215 Айыл өкмөтүнүн конторасына көрнөк жарнак,
жазуу иштерине 50,7
70111 3112 Айылдык кеңештин кабинетине мебель алууга
(стол, стуль) 57,0
70921 2222 А/ө аймагындагы орто мектептерге электро товар
(огнетущитель) алууга 150,0
70921 2222 К.Бакиев орто мектебине электро товар алууга 25,0
70921 2215 А.Абдикамалов орто мектебинин проектисин колдоого 100,0
70111 2215 Энелер күнүнө 50,0
70921 3111 Орток айылындагы орто мектепке ысык тамака
өткөндугү боюнча ремонт иштерине 50,0
71092 2721 Балдарды коргоо күнүнө 20,0
Жалпы: 873,8
Кеңештин төрагасы: К.Кушбаков
Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясынын
Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн төмөндөгү жарандарга Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
-
Султанов Элзар Жаныбекович Ак-Тоок айылы
-
Сансызбаев Назирбек Ормокович Кашка-Терек айылы
2. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М.Алиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: К.Т.Кушбаков
Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясынын
Жерлерди бир категориядан башка категорияга (трансформациялоо) которуу жөнүндө
-
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасында жайгашкан №141 контурундагы 1,05га айыл чарбасынын жайыт жерлерин тоок фирма уюштуруу максатында “Айыл чарба жерлери” категориясынын жайыт түрүнөн өнөр жай багытындагы жерлери категориясына которууга макулдук берүү жагы сунушталат
-
Керектүү иш кагаздарын даярдап тактоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевге милдеттендирилсин.
-
Токтомдун аткарылышы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевге жүктөлсүн.
-
Аталган токтом Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
-
Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М.Алиевага милдеттендирилсин.
Төрага: К.Т.Кушбаков
10.06.2024-жыл № ____ Чымчык-Жар айылы
Жалал-Абад облустук
Юстиция башкармалыгына
Сузак районунун Кыз-Көл айылдык Кеңеши, Кыз-Көл айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын төмөндөгү 2 нускадан турган жана айылдык кеңеште катталган токтомдорун Кыргыз Респуликасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтөбүз.
-
17.05.2024-жылдагы кезектеги XVI сессиясы “Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык обьектилеринин курулушу болбогон бош жер участокторун эсепке алуу жана муниципалдык менчик тууралуу маалыматты системалаштыруу менен муниципалдык менчиктик натыйжалдуу башкарууну жакшыртуу максатында Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестирин бекитүү жөнүндө” № 1- токтом
1 барак.
-
17.05.2024-жылдагы кезектеги XVI сессиясы “Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестирине киргизилген муниципалдык менчик жерлерди жеке менчикке, кыймылсыз мүлк обьектилерин ижарага, муниципалдык мүлктөрдү пайдаланууга берүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө” № 2- токтом 2 барак.
-
17.05.2024-жылдагы кезектеги XVI сессиясы “Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча Жеркомиссиясынын курамын жана комиссиясынын ишинин регламентин бекитүү жөнүндө” №3-токтом 2 барак
-
17.05.2024-жылдагы кезектеги XVI сессиясы “Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестирине киргизилген муниципалдык менчик жерлерди жеке менчикке, кыймылсыз мүлк обьектилерин ижарага, муниципалдык мүлктөрдү пайдаланууга берүүнүн так жана ачык айкын жол жобосун белгилөө жөнүндө” №4-токтом 1-барак
-
17.05.2024-жылдагы кезектеги XVI сессиясы “Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерин “Муниципалдык менчике алуу жөнүндө” №5-токтом 1 барак
-
17.05.2024-жылдагы кезектеги XVI сессиясы “Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерин “Муниципалдык менчике алуу жөнүндө” №6-токтом 1 барак
-
17.05.2024-жылдагы кезектеги XVI сессиясы “Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Акча каражатын жылдыруу жөнүндө” №7-токтом 2 барак
-
17.05.2024-жылдагы кезектеги XVI сессиясы “Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө” №8-токтом1 барак
-
17.05.2024-жылдагы кезектеги XVI сессиясы “Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Жерлерди бир категориядан башка категорияга (трансформациялоо) которуу жөнүндө” №9-токтом 1 барак
Жогоруда сунушталган токтомдор 2024-жылдын 17-майда кезектеги XVI сессиясында кабыл алынды.
Сунушталып жаткан токтомдор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 токтому менен бекитилген Жобонун 6-бөлүкчөсүнүн негизинде мамлекеттик тилде Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн атайын сайтына kyz-kol.gov.kg 30.04.2024-жылы жарыяланды.
Тиркеме: -токтом № 1, 1 барак, 2 нуска
-токтом № 2, 2 барак, 2 нуска
-токтом № 3, 2 барак, 2 нуска
-токтом № 4, 1 барак, 2 нуска
-токтом № 1, 1 барак, 2 нуска
-токтом № 1, 1 барак, 2 нуска
-токтом № 1, 2 барак, 2 нуска
-токтом № 1, 1 барак, 2 нуска
-токтом № 1, 1 барак, 2 нуска
-токтомдун көчүрмөсү СД диск-1даана
Төрага: К.Т.Кушбаков
Аткуруучу:
айылдык кеңешинин жооптуу
катчысы М.Алиева
Телефон: 0556688415