Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

   “Кыз-Көл айыл аймагынын административдик 
  чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18-апрель 2024-жыл

Ак Тоок айылы

ТОКТОМ
№ 1-токтому
“Кыз-Көл айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө”

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык

картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

    

  1. Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасына жана Кыз-Көл айыл

               өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомдун көчүрмөсү Сузак райондук мамлекеттик

               администрациясына жөнөтүлсүн.

 

  1. Аталган токтомду Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М.Алиевага милдеттендирилсин.

    

         5.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:    К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

“ 7 айылга ичүүчү таза суу чыгаруу жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18-апрель 2024-жыл

Ак Тоок айылы

ТОКТОМ
№ 2-токтому
“ 7 айылга ичүүчү таза суу чыгаруу жөнүндө”

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Катыраңкы, Кара-Булак, Сары-Булак, Кашка-Терек, Жаңы-Арык, Ак-Булак айылдарына жана Жаңы-Айыл участкасына ичүүчү таза суу чыгаруу боюнча макулдук берилсин.

 

  1. Сузак райондук шаар курулуш архитектурасынан АТКсын жасап берүү жагы суралсын.

 

  1. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы “Кыз-Көл таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Супатаевге милдеттендирилсин.

 

  1. Аталган токтомду Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М.Алиевага милдеттендирилсин.

    

         5.   Токтомдун аткаруу жагын Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы

               Т.Бобошевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:    К.Т.Кушбаков

Жалал-Абад облустук

                                                                                                 Юстиция башкармалыгына

 

       Сузак районунун Кыз-Көл айылдык Кеңеши, Кыз-Көл айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз X сессиясынын төмөндөгү 2 нускадан турган жана айылдык кеңеште катталган токтомдорун Кыргыз Респуликасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтөбүз.

 

  1. 18.04.2024-жылдагы кезексиз X сессиясы  Кыз-Көл айыл аймагынын   

административдик чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө”  № 1- токтом

1 барак.

 

  1. 18.04.2024-жылдагы кезексиз X сессиясы  7 айылга ичүүчү таза суу чыгаруу

жөнүндө”  № 2- токтом 1 барак.

 

           Жогоруда сунушталган токтомдор 2024-жылдын 18-апрелде кезексиз X сессиясында   кабыл алынды.    

            Сунушталып жаткан токтомдор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 токтому менен бекитилген Жобонун 6-бөлүкчөсүнүн негизинде мамлекеттик тилде   Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн атайын сайтына kyz-kol.gov.kg 30.04.2024-жылы жарыяланды.

       

     Тиркеме:  -токтом № 1,  1 барак, 2 нуска

                       -токтом № 2,  1 барак, 2 нуска

                      -токтомдун көчүрмөсү СД диск-1даана