Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака
30-октябрь 2023-жыл
Ак Тоок айылы
1. Айыл өкмөтүнүн балдар бакчасынын 70911 бөлүмүндө турган 3111 беренесиндеги 438,7 (төрт жүз отуз сегиз миң жети жүз) сом акча каражатын комуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине Карамарт айылына куур(латок) алуу үчүн жылдырылсын.
2. Башкаруу бөлүмнүн 2215 беренесинде турган 60,0 (алтымыш миң) сом акча каражатын 70923 башталгыч мектептер бөлүмүнүн 3111 беренесине от казанга материал алуу үчүн жылдырылсын.
3.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесине ылайык 2023-жылга Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу орто мектептерге элктро товар алууга каралган 70921 бөлүмүндөгү 2222 беренеде турган 80,0 (сексен миң) сом акча каражатын комуналдык чарба бөлүмүнүн 2221 беренесине трасформаторлорду оңдоп түзөөгө жылдырылсын.
4. 2023-жылга бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү ФЭБ башчысы М.Курбанбаевге жүктөлсүн жана планга киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
5. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
7. Көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.
Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака
30-октябрь 2023-жыл
Ак Тоок айылы
1. Катыраңкы айылынын “Маржа” участкасындагы аты жок үстүңкү көчөгө эмгектин ардагери,маркум Исабеков Согушбектин аты ыйгарылсын.
2.Көчөнүн аталышын билдирген атайын көрсөтмөнү орнотуу,катар номерлерин жасатып илүү жагы маркумдун балдарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
5. Көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.