Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

“Кыз-Көл айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

27-сентябрь 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VIII сессиясынын
№ 1-токтому
“Кыз-Көл айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”

1. Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына, салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык айыл чарба жер салыгын төлөө моноторий киргизилгендигине байланыштуу республикалык бюджеттен келген акча каражаты төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн.

1). Жаңы-Арык айылындагы А.Мамбетаипов о.м филиалынын курулуш иштерине 130000,00 (Бир жүз отуз миң) сом.

2). Жалан-Темир айылындагы көпүрөнү оңдоо иштерине 80 000,00 (сексен миң) сом,

 

3).Кашка-Терек, Сары-Булак жана башка айылдарынан жаңы конушка көчүп келген тургундарга электр энергиясын тартууга электр чубалгыларын алууга 100 000,00 (жүз  миң) сом. 

4).Ак-Тоок айылы менен Каду айылынын ортосундагы сайдын жээктериндеги жолду оңдоп түзөө 50 000,00 (элүү миң) сом,

5). Жаңы-Айыл участкасындагы “Келечек” мектебинин ремонт иштерине 35 000,00 (отуз беш миң) сом.

6).Кыз-Көл айыл өкмөтүндө Курултай өткөрүүгө 45 000,00 (кырк беш миң) сом.

7).Карамарт айылындагы больницанын ремонт иштерине 30 000,00 (отуз миң) сом.

2. Бекитилген чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суроо жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Курбанбаевге милдеттендирилсин.

3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

5.   Көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке милдеттендирилсин.

 

Төрага:    К. Т. Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

“Элдик Курултайдын делегатын шайлоону уюштуруу жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

27-сентябрь 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VIII сессиясынын
№ 2-токтому
“Элдик Курултайдын делегатын шайлоону уюштуруу жөнүндө”

1. ” Элдик Курултайга” Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн атынан баруучу делегатты шайлоо   үчүн жергиликтүү жамааттардын жыйындары  2023-жылдын 16-октябрынан     26-октябрына чейин өткөрулсүн.

2. Жергиликтүү жамаатттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү үчүн жумушчу  топтун курамы 7(жети)адамдантурган төмөндөгү  курамда түзүлсун:

 а). Жумушчу топтун төрагасы:        К.Т.Кушбаков – а/к трагасы

 б). Жумышчы топтун катчысы:       Н. Абдырасулов – а/к катчысы

 в). Жумушчу топтун мүчөсү:           У. Парманов – жараандык активист

 г). Жумушчу топтун мүчөсү:           З. Жээнкулова – аялдар/к төрайымы

 д). Жумушчу топтун мүчөсү:           И.Тилекеев – а/к депутаты

 е). Жумушчу топтун мүчөсү:           Н. Бегимкулова – а/к депутат

 ж). Жумушчу топтун мүчөсү:          М.Кадыроы айыл өкмөтүнун кызматкери

 

3. Уюштуруу комитети бекиткен жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүк ченемине  ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын   катышуучуларынын жалпы саны 100 (жүз) адам деп бекитилсин.

4. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындары тиешелүү аймакта  жашаган калктын санын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген   жогоудагы таблицада көрсөтүлгөн графиктин негизинде өткөрүлсүн.

5.   Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн    баштап  күчүнө кирет.

6.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик         укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык  кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

7.   Көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Тиркеме тиркелет.

 

Төрага:    К. Т. Кушбаков

«БЕКИТЕМИН» 

Кыз-Көл айыл кеңешинин төрагасы

 

                                                                           __ _______________К.Т.Кушбаков

 

                                                                       “______”_____________2023-жыл

 

 

 

 

 

 

Айылдардын аталышы жана өткөрүлүүчү жайы

Өткөрүлүүчү күнү жана сааты

Айылдарга бөлүнгөн квоталардын саны

Жыйналышты  жооптуу алып баруучу а/кеңештин депутатынын аты- жөнү

1

Катыраңкы айылы, О.Абдукамалов о.м.

17.10.2023-ж

саат 10-00

6 (алты)

Матиев Медер.

2

Кара-Булак айылы,

А.Молдоисаев о.м

17.10.2023-ж

саат 14-00

10 (он)

Акматова Буайнек

3

Сары-Булак айылы,

З.саралаев о.м

18.10.2023-ж

саат 10-00

5 (беш)

Мамырасулов Назарали

4

Кызыл-Кыя айылы,

Жаңы-Айыл уч,

“Келечек” н.м.

18.10.2023-ж саат 14-00

9 (тогуз)

Муратова Сырга

5

Кашка-Терек айылы,

А.Мамбетаипов о.м.

19.10.2023-ж саат 10-00

8 (сегиз)

Асанбеков Эркин

6

Жаңы-Арык айылы, А.Мамбетаипов о.м.ф

19.10.2023-ж саат 14-00

3 (үч)

Эгембедиева Канымжан

7

Кыз-Көл айылы,

Д.Шопоков о.м

20.10.2023-ж саат 10-00

 

7 (жети)

Осмонова Майрамкан

8

Ак-Тоок айылы,

Ш.Абдыраманов о.м.

20.10.2023-ж саат 13-00

17 (он жети)

Акматалиева Элмира

9

Каду айылы.

Т.Кайыпов о.м

20.10.2023-ж саат 15-00

10 (он)

Жолдошева Заркөкүл

10

Ак-Булак,Жылан-Темир айылдары,

Б.Камбаров о.м

21.10.2023-ж саат 10-00

2 (эки)

Садыков Күмүш

11

Карамарт айылы,

А.Жапарбаев о.м

К.Бакиев о.м

21.10.2023-ж саат 13-00 саат 15-00

23 (жыйырма үч)

 

Абдамбаева Джумагул

Разакулова Урматхан

 

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

“Администрациялык-территориалык реформа боюнча айыл-айылдарды ирилештирүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

27-сентябрь 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VIII сессиясынын
№ 3-токтому
“Администрациялык-территориалык реформа боюнча айыл-айылдарды ирилештирүү жөнүндө”

1. Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айыл өкмөтү Администрациялык-территориалык реформа алкагында айыл-аймактарды ирилештирүүдө Кыз-Көл айыл аймагы боюнча калгандыгына байланыштуу  Сузак районуна караштуу Ырыс айыл өкмөтүнүн Жашасын айылы,Кара-Алма айыл өкмөтүнө караштуу Орток айылы,Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы Орток участкасы жана Сузак айыл өкмөтүно караштуу Чымчык-Жар участкаларын Кыз-Көл айыл  өкмөтүнүн карамагына алуу жагы Сузак райондук администрациядан  суралсын.

2. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

3.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

4.   Көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага:    К. Т. Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

“Айыл чарба жерлеринин бир түрүнөн башка түрүнө которуу(трансформациялоо) жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

27-сентябрь 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VIII сессиясынын
№ 4-токтому
“Айыл чарба жерлеринин бир түрүнөн башка түрүнө которуу(трансформациялоо) жөнүндө”

1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн “Ал-Көйнөк” участкасындагы 3,4га жер аянты “Айыл чарба жерлери”  категориясынын жайыт түрүнөн өнөр жай транспорт байланыш,коргоо жана башка багыттагы жерлери категориясына которууга маакулдук берилсин.

2. 1-пункутта көрсөтүлгөн жерлердин иш кагаздарын даярдоону жана ишке ашырууну  Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:    К. Т. Кушбаков