Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

23-май 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VII сессиясынын
№ 13-токтому
"Айыл чарба жерлеринин бир түрүнөн башка түрүнө которуу(трансформациялоо) жөнүндө"

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасындагы Мамлекеттик менчикте турган №55 контурундагы 16,53га №56 контурундагы 22,7га №61 контурундагы 0,21га №80 контурундагы 0,97га ,№86 контурундагы 46,4га баардыгы болуп 87,36га жайыт жерин мөмөлүү жемиш бак-дарак ээлеген аянт түзүү үчүн “ Айыл чарба жерлери” категориясынын жайыт түрүнөн мөмөлү бак- дарак түрүнө которууга маакулдук берилсин.
  2. 1-пункутта көрсөтүлгөн жерлердин иш кагаздарын даярдоону жана ишке ашырууну Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.
  3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.
  4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага:    К. Т. Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

23-май 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VII сессиясынын
№ 14-токтому
Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасында жайгашкан  № 136 контрундагы 0,25га,№ 38 контрундагы 2,30га айыл чарбасынын жайыт жерлерин же анын ичинен 0,30га мал кармоочу сарайга1,50га асыл-тукум мал чарба комплексин  уюштуруу максатында “Айыл чарба жерлери”   категориясынын жайыт түрүнөн,сарай алдындагы жерлери түрүнө; 0,50га жерине сүттү кайра иштетүүчү кичи завод куруу “Айыл чарба жерлери” категориясынан өнөр жай,транспорт,байланыш,коргоо жана башка багыттагы жерлери  категориясына которууга макуулдук берилсин.
  2. 1-пункутта көрсөтүлгөн жерлердин иш кагаздарын даярдоону жана ишке ашырууну Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.
  3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.
  4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага:    К. Т. Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

“Ички жолдорду Транспорт-Комуникация министрлигинин балансына өткөрүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

23-май 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VII сессиясынын
№ 15-токтому
“Ички жолдорду Транспорт-Комуникация министрлигинин балансына өткөрүү жөнүндө”

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Каду айылындагы ылай баскан 3 (үч) км ички жолду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Комуникация Министрлигин балансына өткөрүп берүү жагы сунушталсын.
  2. Керектүү иш кагаздарын даярдап,тиешелүү мекемелерге жөнтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.