Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Кыз-Көл айыл өкмөтүндө кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү  эрежелери жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

21-февраль 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезектеги XI сессиясынын токтому
№ 1-токтому
Кыз-Көл айыл өкмөтүндө кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүндө кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү  эрежелери жөнүндө   Жобо бекитилсин (тиркелет).
  2. Ушул токтомду Кыз-Көл айылдык кеңешинин  жооптуу катчысы Н.Абдурасулов Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн орун басары С.Абдурасуловко  жүктөлсүн.

 

Тиркеме

Төрага:    К. Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

“Айылдык кеңештин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

21-февраль 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезектеги XI сессиясынын токтому
№ 3-токтому
“Айылдык кеңештин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө”

1.Кыз-Көл айылдык кеңешинин 26 (жыйырма алты) барактан турган Типтүү регламенти бекитилсин.

2. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагыын өзүмө калтырамын.

Төрага:    К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

“Айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгаша бөлүмдөрүнүн долбоорун жана 2024-2025-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

21-февраль 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезектеги XI сессиясынын Токтому
№ 5-токтому
“Айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгаша бөлүмдөрүнүн долбоорун жана 2024-2025-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө”

1.Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга 14 231.9 миң сомго, 2025-жылга 15 149,9 миң сомго жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын божомолу бекитилсин.

2. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 2023-жылга сметасын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Курбанбаевтин билдирүүсүн эске алып 2023-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салыктын түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 22867,5 миң сомго атайын каражаттардын суммасы 1 202,4 миң сомго жалпы; 24069,9  миң сомго № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 2406,9 миң сом өлчөмүндө № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.КРӨкмөтүнүн 16.04.2019-жылдагы № 102-б буйругуна ылайык 2023-жылга электр энергиясынын 465,6 квт лимити бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.

4.Теңдөө грантынын көлөмүнүн 2023-жылга 12308,0миң сомго № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге жумшалсын.

5. 2023-жылга билим берүү бөлүмүнө тамак аш алууга № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

6. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы мектептерге жана бала бакчаларга көмүр отун алып берүү      № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

7.Транспорттук чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн кызматтык машинасы үчүн бир айга 300 литр бензин        № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы № 403 токтомунун негизинде Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 33 штат бирдиги кармалсын,айлык акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомунун негизинде №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.

9. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервтик фонду 481,4 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.

10.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эпозитикалык абалды өз деңдээлинде кармоо үчүн вакцинация иштерине,массалык жугуштуу оорулардын алдын алууга,өз убагында чара көрүүгөооруларга ит мышыктарды атууга 20,0 сом акча каражаты каралсын.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 19-январындагы токтомунун негизинде жергиликтүү кеңештн төрагасына компенсация төлөп берүү жагы каралсын.

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.01.2012-жылдагы № 66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги жана эмгек акысын төлөө КР өкмөтүнүн 19.01.2011-жылдын № 26 токтомунун негизинде кармалсын.Эмгек акысына 581,1 соц фонд чегерүү 102,2 № 9 тиркемеге ылайык бекитилсин.

13.Айылдык кеңештин типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 токтомунун негизинде № 10 тиркемеге ылайык бекитилсин.

14.”Жетиген”,Айкөл бир”,”Күн балдары” балдар бакчасына ата энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 1202,4 миң сомго бекитилсин жана анын чыгымдары казыналык система аркылуу жумшоолусу бекитилсин.

15. ”Жетиген”,Айкөл бир”,”Күн балдары” балдар бакчаларында тарбияланып жаткан ар бир балага 100 (жүз) срмдон акча каражаты кошулгандыгына  жана балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу атайын каражат эсебинен 1202,4 сом акча каражаты кошумча бекитилсин.

16.Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акылары жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир учатканы айыл башчысына, ага сылык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.

17.2023-жылдын чыгаша бөлүмүндө көрсотүлгөн бюджеттик чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы № 72 токтомунун негизинде Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.

18.2023-жылга статистерге айлык акыга келген  акча каражаты ай сайын бюджеттин чыгашасына тактоо киргизилсин.

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 48-беренесине ылайык жайыт пайдалануучулар комитетинин чыгашасына 230,0 миң сомго 2023-жылга жалпы кирешеси 408,758 миң сомго бекитилсин.Жайыт жерлердин иарасы,соц фондко чегерүүлөрдүн акысы ар бир айга бөлүнүп жайыт пайдалануучулар өздөрү төгүү жагы белгиленсин жана № 11 тиркеме менен бекитилсин.

20.Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу үчүн кол тийбестик фондко 200,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

21.Айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүү бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын сунушу  менен сессияга сунушталсын.

22. 2023-жылдын пландык көрсөткүчтөрүнөн ашыкча жыйналган жана МСА эл порталынан үнөмдөлгөн каражаттар Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин № 115-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пункутуна ылайык  айылдык кеңешинин чечиминин негизинде пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.

24.Бекитилген чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы фиансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.

24.Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.

25. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

26. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

 

Тиркеме

Төрага:    К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

“Элдерди жазгы жайытка көчүрүү,көчүрүп келүү  жана мал башына алынычуу жайыт акы жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

07-март 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VI сессиясынын токтому
№ 3-токтому
“Элдерди жазгы жайытка көчүрүү,көчүрүп келүү жана мал башына алынычуу жайыт акы жөнүндө”

1. Элдерди жакынкы жана алыскы жайытка көчүрүү 2023-жылдын 20-апрелинен 1-майына чейин,көчүп келүү 31-авгуска деп бекитилсин

2. Мал башына алынуучу жайыт акы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

3. Айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жана Көк-Булак участкасында эгилген эгиндерди,чөп орокторду кароо үчүн кароолчулар шайлансын.

4. Эгиндерге,чөп орокторго түшкөн мал жандыктарына 500(беш жүз) сомдон,экинчи ирет түшсө 1000(миң) сомдон,үчүнчү ирет түшсө бузуулар мыйзамы боюнча жоокерчилике тартылат.Алынган акча кароолдордун минген атына жем,чөп алууга жумшалат.

5. Камалган жылкы,кара мал,кой,эчкилер сүрөткө тартылып, ватсап аркылуу группаларга жөнөтүлөт жана 3(үч) күндүн ичинде алып кетпей өлүп калса кароолчулар жооп бербейт.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке  милдеттендирилсин.

7. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

8. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

 

Тиркеме

Төрага:    К.Т.Кушбаков