Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

“Үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду  акыркы сапарга узатуу жана аза  күтүүгө байланыштуу ырым-жырымдарды  тартипке келтирүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

05-август 2022-жыл

Ак Тоок айылы

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезектеги XIII-сессиясынын №1-токтому
№ 1-токтому
“Үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана аза күтүүгө байланыштуу ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө”

  1.  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы  ПЖ №54-жарлыгынын негизинде Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында иштелип чыккан жана 2022-жылдын 12-апрелинде Кыз-Көл айылдык Кеңеши тарабынан чыгарылган № 5 токтомго өзгөртүү киргизилсин.
  2. Айыл аймагында үрп-адат, каада-салт ысрапкерчиликти кыскартуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлсүн. Маркумду акыркы сапарга узатууда ири акчалай каражаттысарптабастан, көп сандаган малды сойулбастан жана башка ашыкча ысрапкерчиликке жол берилбестен өткөрүлсүн.
  3. Айыл өкмөтү, айыл башчылар билим берүү мекемелеринин жетекчилери, аксакалдар соту, аялдар жана жаштар уюмдары бирдикте мындан ары айыл аймагында үрп-адат, каада-салт ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча кабыл алынган жобонун негизинде иш-аракеттер жүргүзүүнү күчөтүшсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловко милдеттендирилсин.

Төрага:     Э. Эргешов

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Айыл аймагынын жалпы Жамаатынын айыл мыйзамы (уставы) жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

05-август 2022-жыл

Ак Тоок айылы

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезектеги XIII-сессиясынын №2-токтому
№ 2-токтому
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Айыл аймагынын жалпы Жамаатынын айыл мыйзамы (уставы) жөнүндө

  1. .Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандар,арабызда бузулгус биримдикти,ынтымакты,коомдук тартипти жана бейпилдикти орнотуу,айыл жергесинде турмуш-тиричилик шартын жакшыртуу,ар бир үй-бүлөөнүн жана тургундун бакубат жашоосун камсыздоону көздөп ушул айыл Мыйзамы (Устав) алымча,кошумчасы менен кабыл алынсын

  2. Жааматтын Айыл мыйзамында(Устав) көрсөтүлгөн бардык пункуттар боюнча айыл,айылдарда түшүндүрү иштери жүргүзүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловко милдеттендирилсин.

Төрага:    Э. Эргешов

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

“Курулма куруу үчүн жер  Участогун берүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

05-август 2022-жыл

Ак Тоок айылы

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезектеги XIII-сессиясынын №3-токтому
№ 3-токтому
“Курулма куруу үчүн жер Участогун берүү жөнүндө”

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасына караштуу Кара-Жыгачтан сүттү жана жүндү кайра иштетүүчү чакан ишкана куруу үчүн 1(бир) га жер участогу ижарага берилсин.
  2.  Жер участогунун мыйзамдуулугун тийиштүү мекемелер менен тактап,иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси А.Орозалиевке милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловко милдеттендирилсин.

Төрага:    Э. Эргешов

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

“Сүт багытындагы уйларды кармоочу жай куруу үчүн жана жашылдандыруу максатында жер участогун берүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

05-август 2022-жыл

Ак Тоок айылы

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезектеги XIII-сессиясынын №4-токтому
№ 4-токтому
“Сүт багытындагы уйларды кармоочу жай куруу үчүн жана жашылдандыруу максатында жер участогун берүү жөнүндө”

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасынан сүт багытындагы уйларды кармоочу жай куруу үчүн жана жашылдандыруу максатында 30(отуз)га жер участогу ижарага берилсин.
  2. Жер участогунун мыйзамдуулугун тийиштүү мекемелер менен тактап,иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси А.Орозалиевке милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловко милдеттендирилсин.

Төрага:    Э. Эргешов

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү кеңешинин 2023-2024-2025 жылдарга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн ”долбоору” жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

05-август 2022-жыл

Ак Тоок айылы

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезектеги XIII-сессиясынын №5-токтому
№ 5-токтому
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү кеңешинин 2023-2024-2025 жылдарга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн ”долбоору” жөнүндө

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери атайын каражаттарына       теңдөө гранты менен кошулуп 2023-жылга 27557,3  миң сомго,2024-жылга 27557,3 миң сомго,2025-жылга 27557,3 сомго бекитилсин.
  2. Республикалык бюджет эсебинен бөлүнгөн теңдөө грантынын көлөмү 2023-жылга 11153,9 миң сомго,2024-жылгамиң 11338,9 сомго,2025-жылга 11338,9 сомго бөлүнүшү белгиленсин.
  3. Бюджеттин баланстуулугун сактоо менен жергиликтүү бюджеттин кирешеси атайын кражат жана теңдөө гранты менен кошулуп бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн долбоору 2023-жылга 27557,3 миң сомго, 2024-жылга 27557,3 миң сомго, 2025-жылга 27557,3 сомго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кошундусуна кошуу үчүн жергиликтүү бюджеттин божомолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик комиссиясынын төрагасы М.Матиевке жүктөлсүн.

Төрага:    Э. Эргешов