Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

“Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү  бюджетинин киреше жана чыгашаларынын   долбоорун жана 2020-2021-жылдарга   божомолун бекитүү жонундө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

19-июнь 2019-жыл

Ак Тоок айылы

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кенешинин кезектеги XIV сессиясынын токтому
№ 2-токтому
“Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга божомолун бекитүү жонундө”

1. 2020-жылга 13825,4 миң сомго, 2021-жылга 13845,4 миң сомго жергиликтүү бюджетти         

    кирешелери, ал эми 2020-жылга 7577,9 мин сомго, 2021-жылга 7577,9 мин сомго теңдөө  

    грантынын божомолу  бекитилсин.

    Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бюджетинин сметасы бекитүү  

    жөнундө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Курбанбаевтин

    билдирүүсүн эске алып, 2019-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салык түрлөрү боюнча  

   бюджеттик  каражаттардын суммасы 15861,7 мин сомго, атайы каражаттардын суммасы 1074,0  

   мин сомго,  жалпы  16935,7 мин сомгог №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар алар бөлүнүшү    

   16935,7  мин сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. КР Өкмөтүнүн 20.06.2018-жыл №208-Б буйругуна ылайык 2019-жылга электр энергиясынын

   465,8 кВт лимити бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү №___ тиркемеге ылайык  

    бекитилсин жана  жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар   

    бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.

4. Теңдөө грантынын көлөмү 2019-жылга 8797,9 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык  

     бекитилсин  жана аны пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелер жумшалсын.

  5. 2019-жылга билим берүү бөлүмүнүн тамак аш алууга 860,0 миң сом №5 тиркемеге ылайык   

      бекитилсин.

  6. Айыл өкмөтүнүн карамагында мектептерге жана бала бакчаларга көмүр отун алып берүү№6 

      тиркемеге ылайык бекитилсин.

7. Транспорттук чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылда №767

    токтомунун

     негизинде айыл өкмөтүнүн кызматтык машинасы үчүн бир айга литр бензин №7 тиркемеге 

     ылайык бекитилсин.

8. 2019-жылга китепкана бөлүмүнүн чыгымдары 295,5 миң сом №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы №403-токтомунун негизинде Кыз-

    Көл  айыл өкмөтүнун кызматкерлеринин 32 штат бирдиги  кармалсын, айлык акылары Кыргыз

    Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 жана 2017-жылдын 7- 

    августундагы №466 токтомунун негизинде 5002 543,0 миң сом №9тиркемеге ылайык

    бекитилсин.

10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү

      бюджеттин  резервдик фонду 159,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу   

     багыты ушул кодесте  көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.

11. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эпизотикалык абалды өз деңгээлинде кармоо үчүн вакцинация

      иштерине, массалык жугуштуу оорулардын алдын алууга, өз убагында чара көрүүгө кутурма

      ооруларга ит мышыктарды атууга 30.0 миң сом акча каражат каралсын.

12. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомунун негизинде, жергиликтүү

      кеңештин төрагасына компенсация төлөп берүү жагы каралсын.

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №386 “жайыттар 

     жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана Кыргыз Республикасынын     

     Бюджеттик Кодексинин   48-беренесине ылайык Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2019-

     жылга жалпы кирешеси 221,3 миң сомго бекитилсин. Жайыт жерлеринин ижарасы соц фондко   

     чегерүүлөрүнүн акысы, жайыт  пайдалануучулар өздөрү төгүү белгиленсин.

14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.01.2012-жылдагы №66 токтомунун негизинде айыл

      өкмөтүнун маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги жана эмгек акысын төлөө КР

       Өкмөтүнүн 19.01.2011-жылдын №16- токтомунун негизинде кармалсын. Эмгек акысы 252,0

       миң сомго, со фондко чегерүү 43,5 миң сомго 8 тиркемеге ылайык бекитилсин.

15. “Жетиген”, “Ай Көл бир”, “Кун балдары” балдар бакчасына ата энелерден түшүүчү (атайын

       каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы үчүн 1074,0 миң сомго бекитилсин жана анын  

       чыгымдары казыналык система аркылуу жумшоосу бекитилсин жана анын чыгымдары

        казыналык система аркылуу жумшоосу бекитилсин.

16. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана салыктарды өз убагында  

      толук  өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир участканын айыл башчысына, ага салык

      инспекторуна жеке милдеттендирилсин.

17. 2019-жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарына аткаруу Кыргыз

     Республикасынын 03.04.2015-жылдагы №72 токтомунун негизинде Малекеттик сатып алуулар

     жөнүндөгү мыйзамына  ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүн үн

     башчысы А.Кушбаковго милдеттендирилсин.

18. 2019-жылга статистерге айлык акыга келген акча каражаты ай сайын бюджеттин чыгаша

      бөлүгүнө тактоо киргизилсин.

19. Айыл өкмөтүндө 2019-жылда бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүү бюджет, финансы

      жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу менен сессияга сунушталсын.

20. 2019-жылда пландык көрсөткүчтөрдөн ашыкча жыйналган жана МСА эл. порталынан   

       үнөмдөлгөн каражаттар  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине 1- 

       бөлүмүнүн 3- пункутуна ылайык айылдык Кеңештин чечиминин негизинде пайдалануу жагы

       айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковго милдеттендирилсин.

21. Бекитилген чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министирлигинин Сузак

     башкармалыгынан суралсын.

22. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковко

      жүктөлсүн

Төрага:    Т. Осмоналив