Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коэффиценттер жана нарктык зоналарын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

08-август 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын
№ 1-токтому
Калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коэффиценттер жана нарктык зоналарын бекитүү жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык боюнча адисинин сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коэффиценттер жана нарктык зоналары 1,3% , 13 сомдон деп бекитилсин.
  2. Атталган токтомдун ишин алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн салык боюнча адиси Н.А.Мырзабековага жүктөлсүн.
  3. Бул токтомду  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
  5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.

Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

 Кыргыз Республикасынын Салыка байланыштуу эмес кирешелерин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

08-август 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын
№ 2-токтому
Кыргыз Республикасынын Салыка байланыштуу эмес кирешелерин бекитүү жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык боюнча адисинин сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.А.Касымалиевдин 2025-жылдын 14-июлундагы №14-16526- сандуу тапшырмасына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 1 айлык мөөнөттүн ичинде жергиликтүү кеңештердин чечимдерин Кыргыз Республикасынын Салыка байланыштуу эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 73-76-беренелеринин талаптарына ылайык бекитилсин.
  1. Атталган токтомдун ишин алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн салык боюнча адиси Н.А.Мырзабековага жүктөлсүн.
  1. Бул токтомду  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

      5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.

Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Катыраңкы айылынын тургуну Асанова Жылдызга материалдык жардам берүү бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

08-август 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын
№ 3-токтому
Катыраңкы айылынын тургуну Асанова Жылдызга материалдык жардам берүү бекитүү жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Катыраңкы айылынын тургуну Асанова Жылдыздын арызын карап жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Катыраңкы айылынын тургуну Асанова Жылдыздын жолдошу кургак учук оорусу менен ооруйт, 9 баласы бар, үйүнүн чатырынан суу өтөт, үйүнүн ичинде жаракалар бар, полу жок, үй-бүлөлүк шарты оор болгондугуна байланыштуу айылдык кеңештин депутаттарынын чечиминин негизинде 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго жүктөлсүн.
  3. Бул токтомду  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө  кирет.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу  милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.

Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө жана үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

08-август 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын
№ 4-токтому
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө жана үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовдун сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө жана үнөмдөлгөн акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.

-Молдоисаев мектебинин окуучуларына окуунун башталышына жер

 даярдоо үчүн                                                                                                    -250 000 сом

-Кышка даярдык көрүү үчүн кошумча отун-көмүр алууга                          -100 000 сом

-“Жоогазын” балдар бакчасына жылытуу жасоого                                      - 60 000 сом

-Каду айылына электр чубалгы алуу үчүн                                                    - 80 000 сом

-Кадуу айылынын көпүрөсүн оңдоого                                                           -50 000 сом

-Стим грантка иш-кагаздарын даярдоо үчүн

(Дефект актысы)                                                                                              -100 000 сом

-А.Мамбетаипов мектебинин жаңы имаратынын

ачылышына даярдык көрүүгө жана айкелин жаңы мектепке

жылдырууга                                                                                                     -100 000 сом                           

-Ноот суу башатына поли этлен   трубасын алууга                                      -70 000 сом

-Кеңештин бөлмөлөрүнө кондиционер алууга үчүн                                     -100 000 сом

-Жаңы-Арык айылындагы Мамбетаипов мектебинин филиалына

3 фаза электр энергиясын киргизүү  үчүн                                                     -50 000 сом

-№89 П.Жуманазаров мектебине керектелүүчү парта, отургуч

 алуу үчүн                                                                                                          -100 000 сом

-Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин арасында

өтүүчү ыр кесени өткөрүү үчүн                                                                      -80 000 сом

-С.Жапарбаев атындагы спорт мектебинин спорт залын ремоттоо үчүн    -35 000 сом

-Сары-Булак айылындагы балдар бакчасынын тегерегин тосуу үчүн        -100 000 сом

-Жаңы-Айыл участкасындагы жашоочулардын малдарын сугаруу

  үчүн латок коюуга                                                                                         -100 000 сом

-Кыз-Көл Ак-Тоок айылдарынын жол жээгиндеги

  жөө жүрүүчү (тратувар) салуу үчүн                                                             -100 000 сом 

  1. Долбоорлорду колдоо үчүн  акча каражаты бөлүнүп берилсин.              

-Карамарт айылындагы жаңы курулуучу балдар бакчасына                      - 500 000 сом

-Ак-Тоок айылындагы жаңы курулуучу балдар бакчасына                      - 500 000 сом

-Кашка-Терек айылындагы жаңы курулуучу балдар бакчасына              - 700 000 сом

  1. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго жүктөлсүн.
  1. Бул токтомду  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.

Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат акысынын наркын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

08-август 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын
№ 5-токтому
Таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат акысынын наркын бекитүү жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Кыз-Көл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Супатаевдин сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу баардык айылдардагы таштандыларды чыгарууда ар бир кожолука айына  кызмат акысын 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө наркы бекитилсин.
  2. Аталган токтом боюнча  жарандарга маалымат берүү жана келишимдерди түзүү жагы “Кыз-Көл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Супатаевге жүктөлсүн.
  3. Бул токтомду  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.

Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Каду айылынан чыккан таза суунун наркын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

08-август 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын
№ 6-токтому
Каду айылынан чыккан таза суунун наркын бекитүү жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Кыз-Көл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Супатаевдин сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Каду, Ак-Тоок, Кыз-Көл айылдарына чыгарылган таза суунун метр кубу 25 сом өлчөмүндө наркы бекитилсин.
  1. Аталган токтом боюнча  жарандарга маалымат берүү жана келишимдерди түзүү жагы “Кыз-Көл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Супатаевге жүктөлсүн.
  1. Бул токтомду  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын  убактылуу милдетин аткаруучу С. Абдурасуловго жүктөлсүн.

Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Сары-Булак айылынын тургуну
 Карамурзаева Жумакызга материалдык
 жардам берүү бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

08-август 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын
№ 7-токтому
Сары-Булак айылынын тургуну Карамурзаева Жумакызга материалдык жардам берүү бекитүү жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылынын тургуну Карамурзаева Жумакыздын арызын карап жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сары-Булак айылынын тургуну Карамурзаева Жумакыз 1-топтогу майып,  жолдошу 2-топтогу майып, 2 баласы мүмкүнчүлугу чектелген, үй-бүлөлүк шарты оор болгондугуна байланыштуу айылдык кеңештин депутаттарынын чечиминин негизинде үйүнүн ичине жуунучу жай куруу үчүн 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.