Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

28-май 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясынын
№ 1-токтому
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115 беренесине ылайык Кыз-Көл  айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовдун маалыматтын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл  өкмөтүнүн кызматкерлерине ААБ алкагында кыскарган штат бирдиктери үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек кодексине ылайык өз убагында компенцациялык төлөмдөр төлөнбөй калгандыктан, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Жалал-Абад облустук филиалынын  эмгек техникалык инспекциясынын 08.04.2025- жылдагы №05 катына ылайык аталган кызматкерлердин компенцациялык төлөмдөрүн төлөө үчүн 2025-жылдын 1-январына калган эркин калдыктан проектилерди колдоого каралган 1000,0 миң сом жана күтүлбөгөн чыгымдар эсебинен 72.5 миң сом башкаруу бөлүмүнүн 2215 беренесинен кыскартылсын.
  1. Кыскартылган каражат эсебинен   Аймактык территориялдык реформанын негизинде кыскарган кызматкерлерге компенцациялык төлөмдөрдү төлөө үчүн башкаруу бөлүмүнүн эмгек акыга фондуна 424,3 (төрт жүз жыйырма төрт миң үч жүз) сомго жана социалдык фондуга чегерүүгө 73,2 (жетимиш үч миң эки жүз) сомго,Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө  музакалык аппарат жана учуучу камера       алуу үчүн 701- бөлүмдүн 3112 беренесине 300,0 (үч жүз миң)  миң сомго, Карамарт айылындагы №32  А.Жапарбаев атындагы мектептин жайкы спорт аянтчасынын тегерегин тосууга жана аянтчасынын жерине резина төшөө үчүн 709-бөлүмдүн 3111 беренесине 150,0 (бир жүз элүү миң) миң сомго, видео көзөмөл орнотуу үчүн  709 бөлүмдүн 3112 беренесине №62 К.Бакиев атындагы мектепке 62 ,0 (алтымыш эки миң беш жүз)  миң сомго жана №87 “Келечек” атындагы мектепке 62,0 (алтымыш эки миң беш жүз) миң сомго жалпы 1072,5 миң сомго жылдырылсын.
  1. Республикалык каражат эсебинен ген план түзүү үчүн келген 4182,4 миң сом акча каражаты башкаруу бөлүмүнүн 2215 беренесине көбөйтүлсүн жана аны максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  1.  Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу “Жоогазын” балдар бакчасында балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу ата-энелер төлөмү эсебинен планга кошумча 214,5(эки жүз он төрт миң беш жүз) сом акча каражаты, көбөйтүлүп берилсин.
  1. 2025- жылга бекитилген бюджеттин чыгашаларына өзгөртүү киргизүү Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
  1. Токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыз-Көл айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвистиция, ишкердик, транспорт, кызмат жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  1. Токтомду аткаруу  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз I сессиясында чыгарылган № 8-9-10-токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

28-май 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясынын
№ 2-токтому
2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз I сессиясында чыгарылган № 8-9-10-токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депуттаттары жергиликтүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 39-беренесинин

5-бөлүгүнүн негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз I сессиясында каралган Чымчык-Жар айлынын тургундарына “Көк-Бөрү”оюунун ойноо үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча №8- токтому жокко чыгарылсын.
  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз I сессиясында каралган Чымчык-Жар айылынын тургундарына Спорттук  комплекс куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча №9- токтому жокко чыгарылсын.
  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз I сессиясында каралган Чымчык-Жар айлынын тургундарына “Эс алуу багы ” үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча №10- токтому жокко чыгарылсын.
  1. Токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыз-Көл айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

28-май 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясынын
№ 3-токтому
Ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын жыйынынын протоколу менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя айылынын ”Кайың” участкасынан баштап “Текечер” участкасына чейинки овто жолуна Абдраманов Тешенин ысымы ыйгарылсын.
  2. Токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыз-Көл айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Амортизациялык чыгымдарды бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

28-май 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясынын
№ 4-токтому
Амортизациялык чыгымдарды бекитүү жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Супатаевдин макулдашуу кагазы менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагына караштуу муниципалдык ишканасынын Беларусь 89,2 тракторунун чыгымы 1мото саатка 2772(эки миң жети жүз жетимиш эки) сом жана Фронтальный погрузчик RONGWEI ZI9039E чыгымы 1мото саатка 3554(үч миң беш жүз элүү төрт) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыз-Көл айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

29-апрель 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясынын
№ 2-токтому
Ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын жыйынынын протоколу менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя айылынын жана Жаңы-Айыл участкасынын аралыгындагы көчөгө маркум Мамбеталиев Кебектин ысымы ыйгарылсын.
  2. Көчөнүн аталышын билдирген атайын көрсөтмөнү орнотуу, катар номерлерин жасатып илүү жана жолду оңдоо иштерин жасоо жагы  маркум Мамбеталиев Кебектин балдарына жана туугандарына  милдеттендирилсин.
  3. Токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыз-Көл айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Улуттук аламан ат оюндарынын эрежелерин жөнгө салуу жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

29-апрель 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясынын
№ 3-токтому
Улуттук аламан ат оюндарынын эрежелерин жөнгө салуу жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу 14 (он төрт) айылынын тургундарынын элдик жыйынынын протоколунун негизинде Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Улуттук аламан ат оюнун өткөрүүчү маарекенин ээси Кыз-Көл айыл өкмөтүнө келип,  кайрылуу жазып, каттоодон өткөзүлсүн, коопсуздук жагын, музыкалык аппараттар, дрон, видео камера менен камсыздап бергендиги үчүн айыл өкмтуно 10 000(он миң) сом өлчөмүндө акча каражаты төлөнүп берилсин.
  2. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдан 2 (эки) ден жаран калыстар тобуна көрсөтүлсүн.
  3. Көрсөтүлгөн калыстар тобунан 5 (беш) адам өткөзүлүүчү аламан ат оюндарында калыстык кылышсын.
  4. Эр эңиш, кыз куумай, байге, тыйын эңмей жана башка улуттук оюндар өз эрежеси менен өткөрүлүүсүн жана көзөмөлдөө жагы жогорудагы калыстарга жүктөлсүн.
  5. Спорттук: воллейбол, воскетбол, күрөш, шахмат, ордо жана башка оюндарды өткөрүү жагы Кыз-Көл айыл өкмөтү менен биргеликте С.Жапарбаев атындагы спорт мектебине жүктөлсүн.
  6. Өткөрүлгөн оюндарды эрежелери менен өткөрүү, талаш-тартыш маселелерин жаратпоо максатында С.Жапарбаев атындагы спорт мектебине  милдеттендирилсин.
  7. Жогорудагы иш чараларды өткөрүүдө музыкалык аппараттар, дрон, видео камера жана башка каражаттар менен камсыз кылуу жагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  8. Аламан улактын эрежелери:

 

-улакта торпоктун жана топоздун салмагы 55кг ашпоосу зарыл.

-жипке байлоо жана тээк, үзөнгү, көпчүк бастырмай колдонулбасын.

-топ болгон учурда аттын үстүнөн жана жөө түшүп барып, жерден улакты көтөрүп берүүгө тыюу салынсын.

-топ учурунда ат жыгылганда, ат чапчыганда жана кооптуу учурларда калыстардын белгисин угуп, токтотулсун.

-жөнү жок ызычуу чыгарып, калыстардын айтканын укпаган чабандестерге оюндан четтетүү шарттары каралсын.

-1-шарты сары түстөгү эскертүү баракчасы берилсин жана 14 күн ат оюндарына катышуудан четтетилсин.

-2-шарты кызыл түстөгү баракчасы жогоруда айтылган эрежелерге баш ийбей, ызычуу жаратып, сөгүнүп, урушкан учурда берилсин, 90 күн ат оюндарына катышуудан четтетилсин жана укук бузуулар боюнча админстративдик  жоопкерчиликке тартылсын.

  1. Айыл ичиндеги майда “Көк бөрү” ат оюндарын өткөрүү учурунда айылдардын айыл башчылары, айыл бийлери жана жаштар менен биргеликте уюштурулсун жана көзөмөлгө алынсын.
  2. Жогоруда аталган аламан ат оюндары жана “Көк бөрү” оюндары белгиленген аянттарда өткөрүлсүн. Өткөрүлө турган жер аянттарын тактап, камсыздап берүү жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Жогорудагы токтомдун негизинде айылдын уставы кабыл алынсын, кемчиликтери уставдын ичине камтылсын.
  4. Токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыз-Көл айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  6. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Ыксыз чыгымдарды кыскартуу жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

29-апрель 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясынын
№ 4-токтому
Ыксыз чыгымдарды кыскартуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54- Жарлыгынын негизинде Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинде 2022-жылдын 5-августунда чыгарылган №1-токтомун карап, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Улуттук каада-салттарды, маарекелерди өткөрүүдө ыксыз чыгымдарды  кыскартуу максатында төмөнкүлөргө чектөө киргизилсин.

- Маркумду акыркы сапарга узатууда көп сандаган мал союлбасын, дасторконго коюлуучу салат, кургак жемиштер, мөмө жемиштер, ар кандай суусундуктар коюлбасын.

                  - Сарпай кийгизүү, севет көтөрүү жөнгө салынсын.

                 - Үйлөнүү тойлорунда, бешик тойлордо, өкүл атанын сарпай кийгизүү, севет киргизүүсү чектелсин. 

                 - Үйлөнүү тоюнда машиналардын саны 3төн ашырылбасын.

                 -  Ар бир айылдан шайланган бийлер айыл өкмөтүндө катталсын.

                  -  Жер-жерлерде өтүлүүчү маарекелер бийлердин башкаруусунда өткөрүлсүн.

  1. Токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыз-Көл айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Жаштар арасында кылмыштуулукту жоюу жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

29-апрель 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясынын
№ 5-токтому
Жаштар арасында кылмыштуулукту жоюу жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу тургундарынын Элдик жыйынынын протоколунун негизинде Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Жаштар арасында кылмыштуулуктун, мектеп рекетчилигинин алдын алуу, жаштар менен иш алып барууну күчөтүү, жаштардын билимге кызыгуусун артыруу максатында төмөнкүлөр боюнча иш алып барылсын.

              -Ата-эненин жоопкерчилиги күчөтүлсүн;

              -Укук коргоо органдары менен биргеликте түнкү көзөмөл бир айда эки жолу жүргүзүлсүн;

              -Айылдардагы мектеп окуучулар арасында спорттук оюндарды өткөрүп туруу жагы мектеп жетекчилерине жана С.Жапарбаев спорт мектебине жүктөлсүн.

  1. Мектеп жашындагы жаш өспүрүмдөрдү интернет оюндарынан чыгаруу максатында ата-энелерге баланын телефондо отуруу убактысына чектөө сунушталсын.          
  1. Токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыз-Көл айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков