Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Айыл чарба жерлеринин бир түрүнөн башка түрүнө которуу(трансформациялоо) жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

09-август 2024-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын
№ -токтому
Айыл чарба жерлеринин бир түрүнөн башка түрүнө которуу(трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ,Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”Мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү туралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №169 токтомун жетекчиликке алып, Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистеринин сунушун “Жер жана турак-жай” боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун талкууланып  Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылындагы Мамлекеттик менчикте турган №3533 контурундагы 2,6га, №3543 контурундагы 0,2га, №2446 контурундагы 1,5га, №3527 контурундагы 2,6га, №3592 контурундагы 0,3га, №1195 контурундагы 0,3га баардыгы болуп 7,5га жайыт жерин мөмөлүү жемиш бак-дарак ээлеген аянт түзүү үчүн “ Айыл чарба жерлери”  категориясынын жайыт түрүнөн мөмөлү бак- дарак түрүнө которууга маакулдук  берилсин.
  2. 1-пункутта көрсөтүлгөн жерлердин иш кагаздарын даярдоону жана ишке ашырууну Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.
  3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.
  4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Жоопкерчилиги чектелген коом “Нуртелекомго” Кыз-Көл айыл аймагынын Чымчык-Жар айылындагы мамлекеттик менчикте турган жерден 16м2 жерди ижарага берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

09-август 2024-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын
№ 8-токтому
Жоопкерчилиги чектелген коом “Нуртелекомго” Кыз-Көл айыл аймагынын Чымчык-Жар айылындагы мамлекеттик менчикте турган жерден 16м2 жерди ижарага берүү жөнүндө

Жоопкерчилиги чектелген коом “Нуртелекомго” Кыз-Көл аймагынын Чымчык-Жар айылындагы мамлекеттин менчигинде турган жерден 16м 2 жерди ижарага берүү боюнча карап, талкуулап чыгып, Кыз-Көл айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жоопкерчилиги чектелген коом “Нуртелекомго” Кыз-Көл аймагынын Чымчык-Жар айылындагы мамлекеттин  менчигинде турган жерден 16м 2 жер ижарага берилсин.
  2. Ижара төлөмү жана ижарага берүү шарттары боюнча Кыз-Көл айыл аймагынын өкмөтү  Жоопкерчилиги чектелген коом “Нуртелеком” менен келишим түзүлсүн.
  3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндө баштап күчүнө кирет.
  4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөттүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Акча каражатын жылдыруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

13-сентябрь 2024-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XI сессиясынын
№ 3-токтому
Акча каражатын жылдыруу жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бухгалтери М.Курбанбаевтин маалыматтын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 109 беренесине ылайык О.Абдыкамалов мектебине долбоорлорду иш кагаздарын даярдоо үчүн 2215 беренеден каралган 200,000(эки жүз миң) сом акча каражаты ушул эле мектептинашканасын курууга 3111 беренесине жылдырылсын.
  2. 2024-жылга бекитилген чыгымдарга өзгөртүү киргизүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтунун башчысы Т.Бобошевке милдеттендирилсин.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Көбөйтүлгөн акча каражаты жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

13-сентябрь 2024-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XI сессиясынын
№ 4-токтому
Көбөйтүлгөн акча каражаты жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесинин 6 пунктуна Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бухгалтери М.Курбанбаевтин маалыматтын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. КР Билим 11.08.2023-жылдагы №179 “Билим берүү мыйзамынын” 28- беренесинин 6-пунктуна ылайык айыл өкмөтунө караштуу балдар баракчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн ата-энелер чогулушунун протоколунун негизинде атайын каражаттын планы 740 500 (жети жүз кырк миң беш жүз) сомго көбөйтүлсүн жана анын чыгымы 2218 тамак чыгымдарына багытталсын.
  2. 2024-жылга бекитилген чыгымдарга өзгөртүү киргизүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтунун башчысы Т.Бобошевке милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Чыгашаларды өзгөртүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

13-сентябрь 2024-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XI сессиясынын
№ 5-токтому
Чыгашаларды өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 109-беренелерине ылайык бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү үчүн Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесине ылайык балдар бакчаларындагы балдардын тамак-аш чыгымдары ата-энелер же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан төлөнүшү белгиленгендигине байланыштуу,2024-жылдын январь айынан жыл акырына чейин жергиликтүү бюджеттен каралган 602798 (алты жүз эки миң жети жүз токсон сегиз) сом акча каражаты бюджеттен, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренелерине ылайык өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларына керектүү жабдыктарды алууга төмөнкүчө жылдырылсын.
  2. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Жетиген” Балдар бакчасынына керектелүүчү буюмдарды сатып алуу үчүн, жергиликтүү бюджеттинин 2222 беренесинен 30 000(отуз миң) сом акча каражаты жана 3112 беренесинен 88 798 (сексен сегиз миң жети жүз токсон сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  3. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу“Жоогазын” балдар бакчасына керектелүүчү буюмдарды сатып алуу үчүн, жергиликтүү бюджеттинин 2222 беренесинен 145 000 (бир жүз кырк беш миң) сом акча каражаты жана 3112 беренесинен 72 000(жетимиш эки миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. 
  4. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Айкөл бир” балдар бакчасына керектелүүчү буюмдарды сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттинин 2222 беренесинен77 927(жетимиш жети миң тогуз жүз жыйырма жети)сом акча каражаты жана 3112 беренесинен 21 073(жыйырма бир миң жетимиш үч) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  5. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Күн-балдары бир” балдар бакчасына керектелүүчү буюмдарды сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттинин 2222 беренесинен 90 000(токсон миң) сом акча каражаты жана 3112 беренесинен 78 000 (жетимиш сегиз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  6. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго милдеттендирилсин.
  7. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын  айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  8. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтунун башчысы Т.Бобошевке милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

28-ноябрь 2024-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясынын
№ 1-токтому
Айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

                         ___        Кушбаков Кылычбек Турдумаматович ____________

Эсептө комиссиясынын 2024-жылдын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56- буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
  2. _Кыз-Көл__айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

28-ноябрь 2024-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясынын
№ 2-токтому
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

                                                Абдырасулов Нурбек Акжигитович___________

 Эсептө комиссиясынын 2024-жылдын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56- буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
  1. Кыз-Көл__айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

№12 Ш.Абдыраманов жана №32 А.Жапарбаев мектептерине жылытуу системасын жанылоо жана терезелерин алмаштыруу үчүн акча каражатын бөлүштурүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

28-ноябрь 2024-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (IX -чакырылышынын) кезектеги I сессиясынын
№ 3-токтому
№12 Ш.Абдыраманов жана №32 А.Жапарбаев мектептерине жылытуу системасын жанылоо жана терезелерин алмаштыруу үчүн акча каражатын бөлүштурүү жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу №12 Ш.Абдыраманов жана №32 А.Жапарбаев мектептеринин директорлору Э.Акматалиева жана Ж.Абдамбаевалардын  маалыматтын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу №12 Ш.Абдыраманов мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 521 296 (беш жүз жыйырма бир миң эки жүз токсон алты) сом акча каражаты жана №32 А.Жапарбаев мектебинин терезелерин алмаштыруу үчүн 360 181 (үч жүз алтымыш миң бир жүз сексен бир) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
  2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагыны айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге милдеттендирилсин.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Кыз-Көл айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктү жыйынын өткөрүү” жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

28-ноябрь 2024-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (IX -чакырылышынын) кезектеги I сессиясынын
№ 4-токтому
“Кыз-Көл айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктү жыйынын өткөрүү” жөнүндө

“Элдик Курултай жөнүндө” КРнын Конститутциялык мыйзамы , КРнын Президентинин 2023-жылынын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык айылдык кеңештин этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кыз-Көл айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагында жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрь күнү саат 10-00, Чымчык-Жар айылындагы П.Жуманазаров атындагы мектебинин жыйындар залында өткөзүлсүн.
  2. Кыз-Көл айыл аймагы боюнча делегаттардын саны 100 (жүз) адам деп бекитилсин жана аймактын бөлүмдөрүндө төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн:

Каду айылы делегаттардын саны -8

Ак-Тоок айылы делегаттардын саны -  16

Карамарт айылы делегаттардын саны-25

Кыз-Көл айылы делегаттардын саны- 5

Катыраңкы айылы делегаттардын саны – 4

Кара-Булак айылы делегаттардын саны- 10

Сары-Булак айылы делегаттардын саны -5

Орток айылы делегаттардын саны-2

Кызыл-Кыя айылы делегаттардын саны – 8

Кашка-Терек айылы делегаттардын саны – 6

Жаңы-Арык айылы делегаттардын саны – 3

Чымчык-Жар айылы делегаттардын саны – 8

 

  1. Айыл аймактын айылдарында жергиликтүү жамааттардынт курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин:
  2. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 7(жети) адамдан куралсын жана төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:

       1.Кушбаков Кылычбек Турдумаматович

       2.Абдырасулов Нурбек Акжигитович

       3. Мурзакматов Кубанычбек Сыргабаевич

       4. Парманов Уланбек

       5. Тилекеев Ибраим Базарбаевич

       6.Акматалиев Эльмира Кочкорбаевна

       7. Орозов Мухамбет Шергазиевич

     5.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын  өзүмө калтырамын

     6.   Бул токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Кыз-Көл айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

20-декабрь 2024-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (IX чакырылышынын) кезектеги II сессиясынын
№ 1-токтому
Кыз-Көл айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссия мүчөлөрүн бекитүү үчүн сунуштарды угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт,кызмат жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия

 

Комиссиянын төрагасы: Жапарбаев Берен Абдыкадырович

Комиссиянын мүчөлөрү: Мамбетаипов Кеңешбек Абдиллажанович

                                              Насиркулова Чынаркан Абдраимовна

                                              Муратова Сырга Ордобековна

                                              Айдаров Ынакбек Эргешович

                                              Султаналиев Нуртилек Канатбекович

 

Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссия

 

Комиссиянын төрайымы: Акматалиева Эльмира Кочкорбаевна

Комиссиянын мүчөлөрү:  Салиев Темирлан Талипбаевич

                                                Молдошев Жеңишбек Курманбекович

                                                Сарбагышова Анийпа Салибаевна

                                              

 

 

 

Агрардык саясат, өзгөчө кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссия

 

Комиссиянын төрайымы: Разакулова Урматхан Кошалиевна

Комиссиянын мүчөлөрү:   Шүкүров Түгөлбек Сүйүнбекович

                                               Тойчуева Тазагүл Адилбековна

                                               Канатбек уулу Эрлан

                                               Аширалиев Маратбек Муратбекович

                                               

Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссия

 

Комиссиянын төрагасы: Мамырасулов Назарали Доолотбаевич

Комиссиянын мүчөлөрү: Абдурасулов Манас Сатиевич

                                              Орозов Мухамбет Шергазиевич

                                              Эгембердиева Канымжан Карыбековна

 

1. Бекитилген туруктуу комиссиялардын төрага, төрайымдарына мыйзам чегинде иш алып  баруу жагы милдеттендирилсин.

2. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарияланган күндөр баштап күчүнө кирет.

3. Аталган токтом расмий жариялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Мурзакматовго милдеттендирилсин.

4.Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Сугат суу латокторун өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

20-декабрь 2024-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (IX чакырылышынын) кезектеги II сессиясынын
№ 2-токтому
Сугат суу латокторун өткөрүп берүү жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Терек айылындагы сугат суу латоктору ээсиз калгандыгына байланыштуу, Сузак райондук суу чарба башкармалыгына акысыз башкарууга жана тейлөөгө өткөрүлүп берилсин.
  2. Кашка-Терек айылындагы сугат суу латокторун өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Абдурасуловго жүктөлсүн.
  3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарияланган күндөн баштап күчүнө кирет.
  4. Аталган токтом расмий жариялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

26-март 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
№ 1-токтому
“Фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жер-укуктук” маселелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтомунун кабыл алгандыгына байланыштуу Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жарандардан келген арыз, кайрылууларды  карап, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы фондунун шартуу сугат жери 3000 (үч миң) сомдон, кайракы айдоо жери 3000 (үч миң) сомдон, чөп орок 1000 (миң) сомдон, Сугат айдоо жерине (шалы Чымчык-Жар айылы) 12 000 (он эки миң) сомдон жана бак жерине ижара акы келишимдин негизинде 1000 (миң) сом бекитилсин.
  2. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

26-март 2024-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
№ 2-токтому
“Участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө”

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы С.Абдурасуловдун участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жаңыдан бекитүү боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу шайлоо участкаларындагы комиссия курамдары бекитилсин.

Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.

Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.

Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Ысым  ыйгаруу жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

26-февраль 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
№ 4-токтому
“Ысым ыйгаруу жөнүндө”

Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Карамарт айылынын жашоочуларынын жыйынынын протоколу менен  таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  Кадуу токой бөлүмүнө караштуу “Чимирис” үстүндөгү тик чокуга Назаров Кошойдун ысымы ыйгарылсын
  2. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагыны айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Жазгы талаа жумуштарынын наркын бекитүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

26-март 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
№ 5-токтому
“Жазгы талаа жумуштарынын наркын бекитүү жөнүндө”

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жазгы айдап себүү, чөп оруу, таңгактоо боюнча Н.Караевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жазгы талаа жумуштарынын наркы төмөндөгүдөй бекитилсин.

а) Жер айдоо -4000 (төрт миң) сом

б) Мала салуу – 2000 (эки миң) сом

              в) планировкалоо – 2500 (эки жарым миң) сом

              г) Чөп оруу- 3000  (үч миң) сом

              д) Тырмоо – 1500 (бир жарым миң) сом

             е) Прецтөө – 20 (жыйырма) сом

 

      2. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагыны айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.

      3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.

      4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Элдерди жазгы жайытка көчүрүү, көчүрүп келүү жана мал башына алынуучу жайыт акы жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

26-март 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
№ 6-токтому
“Элдерди жазгы жайытка көчүрүү, көчүрүп келүү жана мал башына алынуучу жайыт акы жөнүндө”

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт адиси К.Сыдыковдун жакынкы жана алыскы жайыттар боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Элдерди жакынкы жана алыскы жайыттарга көчүрүү 2025-жылдын 20-апрелинен 1-майына чейин жана көчүрүп келүү 29-августка деп бекитилсин.
  2. Мал башына алынуучу жайыт акы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  3. Айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга жана Көк-Булак, Чымчык-Жар участкаларына эгилген эгиндерди, чөп орокторду кароо үчүн кароолчулар шайлансын.
  4. Эгиндерге, чөп орокторго түшкөн мал жандыктарына 500 (беш жүз) сомдон, экинчи ирет түшсө 1000 (бир миң) сомдон, үчүнчү ирет түшсө бузуулар мыйзамы боюнча жоопкерчиликке тартылат. Алынган айып акчалар кароолдордун миңген атына, жем чөп алууга жумшалсын.
  5. Камалган мал жандыктары видео сүрөттөргө тартылып, вотсап аркылуу айыл айылдардагы группаларга камалган күндөн баштап жарыялары жөнөтүлүп турсун жана өлүп калса кароолчулар жооп берет, сөзсүз каттоо журналы жүргүзүлсүн.
  6. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагыны айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  7. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.
  8. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

БЕКИТЕМИН 

Кыз-Көл айылдык кеңешинин

                                  төрагасы:____________К.Кушбаков

                                                                          “__26___”__март__2025-жылдагы

                                                                            Кыз-Көл айылдык кеңешинин

                                                                            №_1__ сессиясынын №_6_токтому 

Кыз-Көл жайыт комитетинин 2025-жылга жайыт  пайдалануу  ТАРИФИ.

            Мал жандыктар

Ички             жайыт

Алыскы                жайыт

1

Кара  мал

200

200

2

Жылкы 

200

200

3

Кой -эчки

  40

  40

4

Сырттан алып келип баккан кара малга,жылкыга

500

500

5

Сырттан алып келип баккан кой-эчкиге

60

60

 

Эскертүү:Жайлоого жайытка көчүп кетүү -апрелден аба ырайына байланыштуу, ал эми көчүп келүү 31-августан кийин.Эгерде ушул мөөнөттөн мурда көчүп келген тургундар же малчылар болсо алар бузуулар мыйзамы боюнча каралат. Мал баккан малчылардын эмгек акысы ар бир мал башына кара малга,жылкыга-1000сомдон,кой-эчкиге-200сомдон малын бактырган тургундар төлөп берет.жайыт жерлерди кашаалап чөп орок .бак эккендерге

2000сомдон  акы төлөнсүн.ал эми жайытты мал жайлоого кеткенден кийин чөп орок катары пайдаланса гектарына 1000сомдон акы төлөнсүн.Жогорудагы талапртарды аткарбаган тургундар болсо ,мыйзам чегинде бузуулар мыйзамы боюнча чара көрүлөт.

 

“Кыз-Көл таза аймак” МИ.жетекчиси:                                                              М.Супатаев

 

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Бирикме” тех сервистинин жер аянтын муниципалдык менчике өткөрүп алуу жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

26-март 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
№ 7-токтому
“Бирикме” тех сервистинин жер аянтын муниципалдык менчике өткөрүп алуу жөнүндө

КР Жер кодексинин 62-беренесинин 9-бөлүмүндө  “Мамлекеттик же муниципалдык жерди пайдалануучу, коомдук бирикме, коомдук фонд жана диний уюм жоюлгандыгына” байланыштуу, ошондой эле КР Жер кодекстин 64-беренесинин 1-бөлүмүндө жер участогуна укук токтотулган учурда, жер участоктору мамалекетке же муниципалдык менчике өтөт деп көрсөтүлгөн. Аталган мыйзамдардын  негизинде мурдагы Сузак совхозуна караштуу “Бирикме”тех сервистинин балансында турган имаратты жана 0,64га жер аянтын Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча, Кыз-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мурдагы    Сузак совхозуна караштуу “Бирикме”тех сервистинин балансында турган имаратты жана 0,64га жер аянтын Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына алынсын;
  2. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн балансына алынган 0,64га жер аянты жана айыл өкмөтүнүн эски имараты Ак-Тоок айылына бала бакча куруу үчүн берилсин.
  3. “Бирикме”тех сервисинин балансында турган имаратты жана 0,64га жер аянтын өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн ишенимдүү өкүлү Н.Абдырасуловго милдеттендирилсин;
  4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагыны Айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин;
  5. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет;
  6. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл   өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык- Жар айылынын тургундарынын арызын карап, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

26-март 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
№ 8-токтому
Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык- Жар айылынын тургундарынын арызын карап, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык-Жар айылынын тургундары “Көк-бөрү” оюунун ойноо үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
  2. Жер аянтын тактап, бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевке милдеттендирилсин.
  3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.
  5. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Жер бөлүп берүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

26-март 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
№ 9-токтому
“Жер бөлүп берүү жөнүндө”

Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык- Жар айылынын тургундарынын арызын карап, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык-Жар айылынын тургундарына Спорттук комплекс куруу үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
  2. Жер аянтын тактап, бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевке милдеттендирилсин.
  3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.
  5. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Жерди ажыратып берүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

26-март 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
№ 10-токтому
“Жерди ажыратып берүү жөнүндө”

Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык- Жар айылынын тургундарынын арызын карап, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык-Жар айылындагы “Жоогазын” балдар бакчасынын аймагына кошулуп сызылып калган жер аянтын “Эс алуу багы” кылуу үчүн жер аянты ажыратылып берилсин.
  2. Жер аянтын ажыратып, тактап, бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевке милдеттендирилсин.
  3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.
  5. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков