Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

26-март 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
№ 1-токтому
“Фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жер-укуктук” маселелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтомунун кабыл алгандыгына байланыштуу Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жарандардан келген арыз, кайрылууларды  карап, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы фондунун шартуу сугат жери 3000 (үч миң) сомдон, кайракы айдоо жери 3000 (үч миң) сомдон, чөп орок 1000 (миң) сомдон, Сугат айдоо жерине (шалы Чымчык-Жар айылы) 12 000 (он эки миң) сомдон жана бак жерине  ижара акы келишимдин негизинде 1000 (миң) сом бекитилсин.
  2. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

26-март 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
№ 2-токтому
“Участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө”

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы С.Абдурасуловдун участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жаңыдан бекитүү боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу шайлоо участкаларындагы комиссия курамдары бекитилсин.
  2. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрне жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Ысым  ыйгаруу жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

26-март 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
№ 4-токтому
“Ысым ыйгаруу жөнүндө”

Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Карамарт айылынын жашоочуларынын жыйынынын протоколу менен  таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  Кадуу токой бөлүмүнө караштуу “Чимирис”коктусундагы жайгашкан тик чокуга Назаров Кошойдун ысымы   ыйгарылсын
  2. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагыны айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

   “Элдерди жазгы жайытка көчүрүү, көчүрүп келүү жана мал башына алынуучу жайыт акы жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

26-март 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
№ 6-токтому
“Элдерди жазгы жайытка көчүрүү, көчүрүп келүү жана мал башына алынуучу жайыт акы жөнүндө”

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт адиси К.Сыдыковдун жакынкы жана алыскы жайыттар боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Элдерди жакынкы жана алыскы жайыттарга көчүрүү 2025-жылдын 20-апрелинен 1-майына чейин жана көчүрүп келүү 29-августка деп бекитилсин.
  2. Мал башына алынуучу жайыт акы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  3. Айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга жана Көк-Булак, Чымчык-Жар участкаларына эгилген эгиндерди, чөп орокторду кароо үчүн кароолчулар шайлансын.
  4. Эгиндерге, чөп орокторго түшкөн мал жандыктарына 500 (беш жүз) сомдон, экинчи ирет түшсө 1000 (бир миң) сомдон, үчүнчү ирет түшсө бузуулар мыйзамы боюнча жоопкерчиликке тартылат. Алынган айып акчалар кароолдордун миңген атына, жем чөп алууга жумшалсын.
  5. Камалган мал жандыктары видео сүрөттөргө тартылып, вотсап аркылуу айыл айылдардагы группаларга камалган күндөн баштап жарыялары жөнөтүлүп турсун жана өлүп калса кароолчулар жооп берет, сөзсүз каттоо журналы жүргүзүлсүн.
  6. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагыны айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  7. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.
  8. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

БЕКИТЕМИН 

Кыз-Көл айылдык кеңешинин

                                     төрагасы:____________К.Кушбаков

                                                                          “__26___”__март__2025-жылдагы

                                                                            Кыз-Көл айылдык кеңешинин

                                                                            №_1__ сессиясынын №_6_токтому 

Кыз-Көл жайыт комитетинин 2025-жылга жайыт  пайдалануу  ТАРИФИ.

            Мал жандыктар

Ички             жайыт

Алыскы                жайыт

1

Кара  мал

200

200

2

Жылкы 

200

200

3

Кой -эчки

  40

  40

4

Сырттан алып келип баккан кара малга,жылкыга

500

500

5

Сырттан алып келип баккан кой-эчкиге

60

60

 

Эскертүү:Жайлоого жайытка көчүп кетүү -апрелден аба ырайына байланыштуу, ал эми көчүп келүү 31-августан кийин.Эгерде ушул мөөнөттөн мурда көчүп келген тургундар же малчылар болсо алар бузуулар мыйзамы боюнча каралат. Мал баккан малчылардын эмгек акысы ар бир мал башына кара малга,жылкыга-1000сомдон,кой-эчкиге-200сомдон малын бактырган тургундар төлөп берет.жайыт жерлерди кашаалап чөп орок .бак эккендерге

2000сомдон  акы төлөнсүн.ал эми жайытты мал жайлоого кеткенден кийин чөп орок катары пайдаланса гектарына 1000сомдон акы төлөнсүн.Жогорудагы талапртарды аткарбаган тургундар болсо ,мыйзам чегинде бузуулар мыйзамы боюнча чара көрүлөт.

 

 

 

 

 

“Кыз-Көл таза аймак” МИ.жетекчиси:                                                        М. Супатаев

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

29-апрель 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясынын
№ 1-токтому
Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Кыз-Көл айыл аймагындагы тургундарынын элдик жыйындарындагы протоколдорун карап, айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн төмөндөгү жарандарга Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

  • Сейдалиев Туголбай Мейманбаевич                                       Кара-Булак айылы
  • Наримбетов Талант Заттарбекович                                             Карак-Булак айылы
  • Азимбаев Малик                                                                        Сары-Булак айылы
  • Раимканова Турсунай Алимовна                                              Кара-Булак айылы
  • Нурпаизов Элжигит Оморбекович                                           Карамарт айылы
  • Аблакимова Апалхан Абдувалиевна                                        Ак-Тоок айылы
  • Шүкүров Түгөлбек Сүйүнбекович                                              Кызыл-Кыя айылы

2. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын  айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К. Мурзакматовко милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

29-апрель 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясынын
№ 2-токтому
Ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын жыйынынын протоколу менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Сары-Булак айылынын жана Жаңы-Айыл участкасынын аралыгындагы көчөгө маркум Мамбеталиев Кебектин ысымы ыйгарылсын.
  2. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл   аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

28-май 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясынын
№ 1-токтому
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовдун маалыматтын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Аймактык территориялдык реформанын негизинде кыскарган кызматкерлерге акча каражатын төлөп берүүгө эмгек акыга 424,3 (төрт жүз жыйырма төрт миң үч жүз) сом акча каражатын жана социалдык фондуга чегерүүгө 73,2 (жетимиш үч миң эки жүз) сом акча каражатын проектини колдоого бекитилген акча каражаттын эсебинен жылдырылсын.
  2. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө  музакалык аппарат жана учуучу камера алуу үчүн 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  3. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Карамарт айылындагы №32  А.Жапарбаев атындагы мектептин жайкы спорт аянтчасынын тегерегин тосуу үчүн 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  4. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу №62 К.Бакиев атындагы мектепке 62 500 (алтымыш эки миң беш жүз) сом жана №87 “Келечек” атындагы мектепке 62 500 (алтымыш эки миң беш жүз) сом, жалпы суммасы 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты видео  камера алуу үчүн бөлүнүп берилсин. 
  5. Республикалык каражат эсебинен келген акча каражатын ген план жасоого 4 182,4 (төрт миллион бир жүз сексен миң төрт жүз) сом акча каражаты төлөнүп берилсин.
  6. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу “Жоогазын” балдар бакчасында балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу планга кошумча 214,5(эки жүз он төрт миң беш жүз) сом акча каражаты, көбөйтүлүп берилсин.
  7. Каралган акча каражатын жылдырып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго милдеттендирилсин.
  8. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл   аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге милдеттендирилсин.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз I сессиясында чыгарылган № 8-9-10-токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

28-май 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясынын
№ 2-токтому
2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз I сессиясында чыгарылган № 8-9-10-токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депуттаттары жергиликтүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 39-беренесинин

5-бөлүгүнүн негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз I сессиясында каралган Чымчык-Жар айлынын тургундарына “Көк-Бөрү”оюунун ойноо үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча №8- токтому жокко чыгарылсын.
  2. Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз I сессиясында каралган Чымчык-Жар айылынын тургундарына Спорттук  комплекс куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча №9- токтому жокко чыгарылсын.
  3. Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз I сессиясында каралган Чымчык-Жар айлынын тургундарына “Эс алуу багы ” үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча №10- токтому жокко чыгарылсын.
  4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл   аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго  милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

28-май 2025-жыл

Чымчык-Жар айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясынын
№ 3-токтому
Ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын жыйынынын протоколу менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя айылынын ”Кайың” участкасынан баштап “Текечер” участкасына чейинки овто жолуна Абдраманов Тешенин ысымы ыйгарылсын.
  2. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл   аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
  3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков