Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү
бюджетинин киреше,чыгаша бөлүмдөрүнүн
долбоорун жана 2025-2026-жылдарга
божомолун бекитүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

09-февраль 2024-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезектеги XIVсессиясынын
№ 6-токтому
“Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгаша бөлүмдөрүнүн долбоорун жана 2025-2026-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө”

Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгаша булактарынын долбоору жана 2025-2026-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын у.м.а М.Дооранкуловдун бирдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга 14 231,9 миң сомго, 2025-жылга 15 149,9 миң сомго жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын божомолу бекитилсин.

2. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 2024-жылга сметасын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын у.м.а М.Дооранкуловдун билдирүүсүн эске алып 2024-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салыктын түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 22 749,0 миң сомго атайын каражаттардын суммасы 1 960,0 миң сомго жалпы; 24 709,0 миң сомго № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 24 709,0 миң сом өлчөмүндө № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. КРӨкмөтүнүн 16.04.2019-жылдагы № 102-б буйругуна ылайык 2024-жылга электр энергиясынын 465,6 квт лимити бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.

4.Теңдөө грантынын көлөмүнүн 2024-жылга 7 030,5миң сомго № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге жумшалсын.

5. 2024-жылга билим берүү бөлүмүнө тамак аш алууга № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

6. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы мектептерге жана бала бакчаларга көмүр отун алып берүү  № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

7. Транспорттук чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн кызматтык машинасы үчүн бир айга 300 литр бензин № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы № 403 токтомунун негизинде Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 33 штат бирдиги кармалсын,айлык акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомунун негизинде №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.

9. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервтик фонду 426,9 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.

10. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эпозитикалык абалды өз деңдээлинде кармоо үчүн вакцинация иштерине,массалык жугуштуу оорулардын алдын алууга,өз убагында чара көрүүгө жана ит мышыктарды атууга 150,0 сом акча каражаты каралсын.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 19-январындагы токтомунун негизинде жергиликтүү кеңештн төрагасына компенсация төлөп берүү жагы каралсын.

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.01.2012-жылдагы № 66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги жана эмгек акысын төлөө КР өкмөтүнүн 19.01.2011-жылдын № 26 токтомунун негизинде кармалсын.Эмгек акысына 623,7 соц фонд чегерүү 107,6 № 9 тиркемеге ылайык бекитилсин.

13.Айылдык кеңештин типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 токтомунун негизинде № 10 тиркемеге ылайык бекитилсин.

14. ”Жетиген”,Айкөл бир”,”Күн балдары” балдар бакчасына ата энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 1960,0 миң сомго бекитилсин жана анын чыгымдары казыналык система аркылуу жумшоолусу бекитилсин.

15. ”Жетиген”,Айкөл бир”,”Күн балдары” балдар бакчаларында тарбияланып жаткан ар бир балага 100 (жүз) срмдон акча каражаты кошулгандыгына  жана балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу атайын каражат эсебинен 1960,0 сом акча каражаты кошумча бекитилсин.

16. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акылары жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир участканын айыл башчысына, ага сылык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.

17.2024-жылдын чыгаша бөлүмүндө көрсөтүлгөн бюджеттик чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы № 72 токтомунун негизинде Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.

18.2024-жылга статистерге айлык акыга келген  акча каражаты ай сайын бюджеттин чыгашасына тактоо киргизилсин.

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 48-беренесине ылайык жайыт пайдалануучулар комитетинин чыгашасына 340,0 миң сомго 2024-жылга жалпы кирешеси 418,758 миң сомго бекитилсин.Жайыт жерлердин ижарасы,соц фондко чегерүүлөрдүн акысы ар бир айга бөлүнүп жайыт пайдалануучулар өздөрү төгүү жагы белгиленсин жана № 11 тиркеме менен бекитилсин.

20.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүү бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын сунушу  менен сессияга сунушталсын.

21.2024-жылдын пландык көрсөткүчтөрүнөн ашыкча жыйналган жана МСА эл порталынан үнөмдөлгөн каражаттар Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин № 115-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пункутуна ылайык  айылдык кеңешинин чечиминин негизинде пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.

22.Бекитилген чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы фиансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.

23.Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.

24. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып,Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“2024-жылдын 1-январына карата
 калган эркин калдык акча
 каражаттарын бөлүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

09-февраль 2024-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезектеги XIVсессиясынын
№ 7-токтому
“2024-жылдын 1-январына карата калган эркин калдык акча каражаттарын бөлүү жөнүндө”

Кыз Көл айыл өкмөтүнүн башчысы менен ФЭБ башчысынын жана айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыз Көл айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынан каржыланбаган 4 703 200(төрт миллион жети жүз үч миң  эки жүз) сом эркин калдык акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

Раздел

 

Статьясы

Чыгымдардын аталышы

Суммасы миң сом

70921

3111

№ 67-Т.Кайыпов атындагы орто мектебине спорт залдын 2- этап курулуш  иштеринин уландысынын дебитордук карызын төлөө

80,9

70111

2221

Айыл өкмөтүнүн Конторасынын жылытуу системасын оңдоо үчүн дебитордук карызын төлөө

30,0

70629

3111

Кызыл-Кыя айылындагы ФАПтын сырткы эшигин алмаштыруу

20,0

70111

2215

Архивке документтерди даярдоо

20,0

 

2215

Технадзордун эмгек акысы,дебитордук карыз

9,0

70111

2215

Проектилерди колдоо

300,0

70111

2222

Конторага огнетушитель алуу

10,3

70111

2215

Тоголок жетим балдардын балаты майрамына,дебитордук карыз

18,0

70629

3112

Прицеп алуу

100,0

70629

2221

ГСВ-26 курулуш материалдарын алуу,дебитордук карыз

30,0

70629

3111

Видеобайкоо үчүн интернет тартууга,дебитордук карыз

165,0

70629

2215

Кар тазалоо,дебитордук карыз

100,0

70629

2214

КАСА 1000 боюнча келген автомашинанын ремонтуна

80,0

70921

2214

Жаңы-Арык жана Ак-Тоок айылдарынын окуучуларын мектепке ташуу

40,0

70629

2215

Таза аймак ишканасын колдоо үчүн (субсидия)

200,0

70921

2222

Мектептерге огнетушитель алуу

40,0

70629

2221

Ички жодорго шагал төшөө

400,0

70111

2215

Эскирген компьютерлерди ремонттоо

30,0

70911

3111

Карамарт айылындагы бала бакчанын курулушуна

500,0

70111

3112

Эки комплект жаңы коммпьютер сатып алуу үчүн

120,0

70111

2215

Ар түрдүү күтүлбөгөн чыгымдарга

200,0

70111

2222

Конторанын ашканасына идиш-аяк алуу

40,0

70111

2222

Хозтовар алуу

10,0

70961

2215

Кыз-келиндер арасында спорт оюндарын уюуштуруу

75,0

70111

2215

Ардагерлерди сыйлоо

40,0

70629

2215

Өзгөчө кырдаалдарга

400,0

70111

2221

Айыл өкмөтүнүн имаратынын ремонтуна

450,0

70629

3111

Чөнөй участкасындагы суу түтүгүн оңдоо үчүн

200,0

70629

3111

Айылдарга электр мамычаларын алууга

400,0

70629

3111

Жайыттарды кашалоо

300,0

70921

2215

Кесип тандоо боюнча окуучулар арасында иш-чара уюуштуруу

100,0

70921

2215

Госэкспертиза

100,0

70629

3111

Сухойщель участкасына суу чыгаруу үчүн

95,0

 

 

Жалпы:

4 703,2

 

2.Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн билим берүү бөлүмүнүн атайын каражат эсебинен 75,620 (жетимиш беш миң алты жүз жыйырма) сом акча каражаты,бала бакча бөлүмүнө тамак аш азыктарын алуу үчүн чыгымдалсын.

3.Акча каражатын болүп берүү жагы  а/ө ФЭБ башчысынын у.м.а М.Дооранкуловго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.

5. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып,Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Жерлерди бир категориядан башка категорияга                                                              
                                                      которуу (трансформациялоо) жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

02-сентябрь 2024-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезектеги XIV сессиясынын
№ 8-токтому
“Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ,Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”Мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобоону бекитүү туралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №169 токтомун жетекчиликке алып, Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистеринин сунушун жана “Жер жана турак-жай” боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун карап жана талкуулап, Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылында жайгашкан № 1793 контрундагы 0,10 га жер аянтын “Айыл чарба жерлери”   категориясынын жайыт түрүнөн   “Айыл чарба жерлери” категориясынан өнөр жай,транспорт,байланыш,коргоо жана  башка багыттагы жерлери  категориясына которууга макуулдук берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

2. 1-пункутта көрсөтүлгөн жерлердин иш кагаздарын даярдоону жана ишке ашырууну Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып,Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага:
К.Т.Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

09-февраль 2024-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезектеги XIV сессиясынын
№ 9-токтому
“Фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жер-укуктук” маселелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтомунун кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жарандардан келген арыз кайрылууларды карап жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы фондунун шартуу сугат жери 4000 (төрт миң) сомдон,айдоо жери (үч миң) сомдон,чөп орок 1000 (миң) сомдон деп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын  көзөмөөлдө жагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке милдеттендирилсин.

3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.

 

Төрага:
К.Т.Кушбаков