Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициенти жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

05-декабрь 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз IX сессиясынын
№ 5-токтому
“Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициенти жөнүндө”

Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 30-ноябрындагы №705/1 сандуу катынын жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесинин “ Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкалары”жана “Мүлк объектисинин салык салынуучу наркын аныктоо тартиби” боюнча Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна таянып, Кз-Зоналык коэффициенти жергиликтүү кеңештер калктуу конуштардын экономикалык пландаштырылган зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зонанын аймагында баа берүү боюнча айыл өкмөтүнүн Салык бөлүмүнүн башчысы А.Жоошбаевтин сунушүн угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытында эмес жерлердин салыгын эсептөө үчүн аймактык Кз-Зоналык коэффициенти 0,5 өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылдын 1-январынан тпртып “мүлк” салыгы киргизилсин.
  3. Токтомду аткаруу жыгы айыл өкмөтүнун башчысы Т.Бобошевке милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу бюджет комиссиясынын төрагасы М.Матиевке жүктөлсүн.
  5. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып,Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.

Төрага:
К.Т.Кушбаков