Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“470га бадал баскан жер аянтын пландан кыскартуу жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

05-декабрь 2023-жыл

Ак Тоок айылы

№ 1-токтому
“470га бадал баскан жер аянтын пландан кыскартуу жөнүндө”

Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн улуттук фондунун 819га чөп чабынды жер аянтынын бадал баскан 470га жер аянтына жарандар менен келишим түзүлбөй калгандыгына байланыштуу планды кыскартып берүү туралуу айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевтин малыматын угуп чыгып айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Улуттук фондунун 470 га чөп чабынды бадал баскан жер аянттары малдын көптүгүнөн оруп жыйноого мүмкүн болбой жарандар менен келишим түзүлбөй калгандыктан пландан 470,0 (төрт жүз жетимиш миң) сом акча каражаты аренда акы төлөмүнөн кыскартылсын.

2.Кыскартып берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик салык башкармалыгынан суралсын.

3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

5. Көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.

 

:
К. Т. Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевтин кайрылуусун кароо жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

05-декабрь 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз IX сессиясынын
№ 2-токтому
“Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевтин кайрылуусун кароо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Бөлүмүнүн 76-беренесинин 2-пункутунун.Сузак райондук мамлекеттик салык башкармалыгынан келген 22.10.2023-жылдагы № 039/21/21-1-13 сандуу жана Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 1-ноябрындагы 001-76/1546 каттарын карап чыгып Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 1-ноябрындагы №001-76/1546 сандуу каты эске алынсын.

2.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 76-беренесинин 2-пункутунун негизинде жеке жана юридикалык жактар ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери,анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр,бекитилген аянтты жана жумушчулардын санына жараша ар бир кызматкер үчүн калктуу конуштардын аянтынан таштанды чыгарууга жылына бир жолу (бир жүз) сом өлчөмүндө акча каражатын төлөө бекитилсин.

3.Бекитилген тарифти мыйзамдын негизинде ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке жана салык бөлүмүнүн башчысы А.Жоошбаевке милдеттендирилсин

4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

:
К. Т. Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Кыз-Көл айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

05-декабрь 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз IX сессиясынын
№ 3-токтому
“Кыз-Көл айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бекитилген чыгаша бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылы бирдиктүү патенттин компенсациясы үчүн Республикасынын бюджеттен келген 97,8 (токсон жети миң сегиз жүз) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.

2. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу мектептерге 2222 беренеге ылайык учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алууга чыгымдалсын.

3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы айыл өкмөтүнун башчысы Т.Бобошевке милдеттендирилсин.

 

:
К. Т. Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

“Комиссия курамын түүзү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

05-декабрь 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз IX сессиясынын
№ 4-токтому
“Комиссия курамын түүзү жөнүндө”

Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин кышка даярдыгын жана порталга берилип бүтүрүлгөн иштерге мониторинг жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн айылдык кенеши убактылуу комиссия курамын түзүү үчүн

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.К.Кушбаков                              айылдык кеңештин төрагасы           комиссиянын төрагасы

- Н.Мамырасулов                        айылдык кеңештин депутаты          комиссиянын мүчөсү

- К.Эгембердиева                        айылдык кеңештин депутаты          комиссиянын мүчөсү

- М.Матиев                                  айылдык кеңештин депутаты          комиссиянын мүчөсү

- У.Разакулова                             айылдык кеңештин депутаты          комиссиянын мүчөсү

2. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

:
К. Т. Кушбаков