Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

23-август 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезекстеги XII сессиясынын
№ 1-токтому
"Ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32-жылдыгына карата Айыл өкмөтүнүн өсүп өнүгүшүнө,спорт,маданият,билим берүү тармактарында өздөрүн көрсөткөн атуулдардын кылган иштерин баалап,айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамы жогорудагы атуулдарга берилсин.

      1). Саралаев Суюнбай: милициянын подполковниги.Азыркы мезгилде ардактуу эс алууда.Социалдык мекемелерди оңдөп-түзөөгө ар дайым демөөрчүлүк кылат.

      2). Дооранкулов Баратали: Маданият тармагына кошкон чоң салымы үчүн.

      3). Сатывалдыев Ысмайыл: Эмгектин ардагери,пенсионер.

      4). Бердалиев Дуйшонали:  Карамарт айылынын айыл башчысы.

      5). Шарапова Савилат: Эл агартуунун отличниги,пенсионер.

      6). Супатаев Алисултан: Маданияттын мыктысы,куудул.

      7). Полотов Маматкул: Эмгектин ардагеи,пенсионер

      8). Бегишов Абдуманап: Жеке ишкер.

      9). Камбаров Санжар: Жеке ишкер.

     10).Турдумбетов Ориоке Эмгектин ардагеи,пенсионер.

  2. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

  3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык  кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөөлдө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына Т.Бобошевке милдеттендирилсин.

:
К. Т. Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

23-август 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезекстеги XII сессиясынын
№ 2-токтому
"Мектептин ысымын ыйгаруу жөнүндө"

Айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Айыл участкасындагы негизги билим берүүчү “Келечек”мектебине эл агартуунун отличнги,коомдук ишмер,маркум Абдыкалыков Бекей агайдын ысымын ыйгаруу боюнча Жаңы-Айыл участкасынын тургундарынын кайрылуусун жана укук,тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын карап чыгып айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Айыл участкасындагы негизги билим берүүчү “Келечек”мектебине эл агартуунун отличнги,коомдук ишмер,маркум Абдыкалыков Бекей  агайдын ысымы  ыйгарылсын.

2. Мектептин атын өзгөртүү үчүн иш кагаздарын даярдоо маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө  милдеттендирилсин.

3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөөлдө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына Т.Бобошевке милдеттендирилсин.

 

:
К. Т. Кушбаков

Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

23-август 2023-жыл

Ак Тоок айылы

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезекстеги XII сессиясынын
№ 3-токтому
"Айыл макамын берүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын администациялык-аймактык түзулүшү тууралуу мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына жана Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Айыл участкасынын тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Айыл участкасын Кызыл-Кыя айылынын Жаңы-Айыл  участкасы деп атоо жагы жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.

2.   Керектүү иш кагаздарын даярдап,Сузак райондук мамлекеттик администрацияга  жөнөтү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке жүктөлсүн.

3.   Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн  баштап  күчүнө кирет.

4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

5.   Көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын

 

:
К. Т. Кушбаков

Ак-Тоок айылы                                                                № ____                                                                           28.08.2023-жыл

 

                                                                            Жалал-Абад облустук

                                                                            Юстиция башкармалыгына

 

       Сузак районунун Кыз-Көл айылдык Кеңеши, Кыз-Көл айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын төмөндөгү 2 нускадан турган жана айылдык кеңеште катталган токтомдорун Кыргыз Респуликасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтөбүз.

 

1. 23.08.2023-жылдагы кезектеги VII сессиясы  “Ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө” № 1 токтом 1 барак.

 

2. 23.08.2023-жылдагы кезектеги XII сессиясы “Мектептин ысымын ыйгаруу жөнүндө” № 2 токтом,1 барак.

 

3. 23.08.2023-жылдагы кезектеги XII сессиясы “Айыл макамын берүүжөнүндө” № 3 токтом,1 барак.

 

        Жогоруда сунушталган токтомдор 2023-жылдын 23-майындагы  кезексиз VII  сессиясында   кабыл алынды.    

       Сунушталып жаткан токтомдор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 токтому менен бекитилген Жобонун 6-бөлүкчөсүнүн негизинде мамлекеттик тилде   Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн атайын сайтына kyz-kol.gov.kg28.08.2023-жылы жарыяланды.

       

     Тиркеме:  -токтом № 1.1 барак,2 нуска.

                      -токтом № 2.1 барак,2 нуска

                      -токтом № 3.1 барак,2 нуска

                      -токтомдун көчүрмөсү СД диск-1даана

   

   

 

 

Төрага:                                                                                                                                          К.Т.Кушбаков

 

 

 Аткуруучу:

 айылдык кеңешинин жооптуу

 катчысынын.у.м.а: Н.Абдырасулов

Телефон: 0997 00 02 31