Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru
Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака
Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru
23-май 2023-жыл
Ак Тоок айылы
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Катыранкы айылынын тургундарын кайрылуусун карап жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кенеши
1. Айыл өкмөтүнүн айылдарындагы таза суу түтүкчөлөрүн мыйзамсыз өз алдынча бузуп,үйлөрүнө киргизип алган жарандарга төмөндөгүдөй айып пул салынсын.
а).Биринчи жолу 1000сом.
б).Экинчи жолу 2000сом.
в).Үчүнчү жолу 3000сом.
2.Көзөмөлдөө жагы ар бир айылдын айыл башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Абдурасуловго милдеттендирилсин.
4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru
Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака
Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru
23-май 2023-жыл
Ак Тоок айылы
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ,Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”Мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү туралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №169 токтомун жетекчиликке алып, Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистеринин сунушун “Жер жана турак-жай” боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун талкууланып Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасындагы Мамлекеттик менчикте турган №86 контурундагы 15,84 га, №70 контурундагы 79,62га,№176 контурундагы 21,10га, №66 контурундагы 35,14га,№68 контурундагы 1,47га, №53 контурундагы 20,95га жана 13га ошондой эле 8,40га баардыгы болуп 187,12га жайыт жерин мөмөлүү жемиш бак-дарак ээлеген аянт түзүү үчүн “ Айыл чарба жерлери” категориясынын жайыт түрүнөн мөмөлү бак- дарак түрүнө которууга маакулдук берилсин.
2. 1-пункутта көрсөтүлгөн жерлердин иш кагаздарын даярдоону жана ишке ашырууну Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.