Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кыз-Көл айыл аймагынын
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Индекс 30262588 Чымчык-Жар айылы
Т.Сатаров көчөсү 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru

Кыз-Көл айыл аймагындагы жайыт комитетине караштуу мамлекеттик кызматтык техника болбогондуктан өзүнүн менчик машинасын        мамлекеттик кызматка пайдалангандыгы жөнүндө

Кыргызская Республика
Жалал-Абад область
Сузакский район
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Кыз-Кольского айылного аймака

Индекс 30262588 село Чымчык-Жар
Улица Т.Сатарова 26
Эл.почта Kyz-Kol@inbox.ru



ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

19-июнь 2019-жыл

Ак Тоок айылы

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кенешинин кезектеги XIV сессиясынын токтому
№ 5-токтому
Кыз-Көл айыл аймагындагы жайыт комитетине караштуу мамлекеттик кызматтык техника болбогондуктан өзүнүн менчик машинасын мамлекеттик кызматка пайдалангандыгы жөнүндө

Кыз-Көл айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 31-январь күнү кезектеги он төртүнчү сессиясында жайыт комитетине караштуу мамлекеттик кызматтык техника болбогондуктан өзүнүнменчик ДЭУ-калос D 19-64 AD номериндеги машинасын мамлекеттик кызматка пайдалангандыгы үчүн күйүүчү майга, машинаны оңдоп түзөө үчүн сатып алынган тетиктерине кеткен чыгымдарына жайыт комитетинин эсебинен төлөп берүү жагын карап чыгып Кыз-Көл айылдык Кеңешинин депутаттары сунушун карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыз-Көл аймагындагы жайыт комитетине караштуу мамлекеттик кызматтык техника болбогондуктан өзүнүн менчик ДЭУ калос D 19-64 AD номериндеги машинасын мамлекеттик кызматка пайдалангандыгы үчүн  күйүүчү майга- 10000 (он) миң сом, машинаны оңдоп түзөө үчүн- 10000 (он) миң сом, сатып алынган тетиктерине кеткен чыгымдарына жайыт комитетинин эсебинен төлөп берүү жагы каралсын.

2. Жайыт комитетине караштуу мамлекеттик кызматтык техника болбогондуктан өзүнүн менчик ДЭУ калос D 19-64 AD номериндеги машинасын мамлекеттик кызматка пайдалангандыгы үчүн  күйүүчү майга машинаны оңдоп түзөө үчүн үчүнсатып алынган тетиктерине, кеткен чыгымдарына жайыт комитетинин эсебинен төлөп берүү жагы жайыт комитетинин эсепчиси М.Супатаевге милдеттендирилсин.

3.  Токтомдун аткарылышын жана ишке ашыруу жактарын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетине милдеттендирилсин

Төрага:
Т. Осмоналив