“Манас” эпосу тарыхый-этнографиялык булак катары

“Манас” эпосу тарыхый-этнографиялык булак катары. Эпосто (С. Орозбаковдун варианты) Кытай журту, Кыргыз журту, Орус журту, Кырым журту, Ооган журту (III китеп, 152-б) деп, Евразия мейкиндигиндеги эң ири журттар (державалар) айтылат. Биринчи манасчы тарабынан тарыхый Тан жана Ляо империясы, Кыргыз каганаты, Хазар каганаты, Киев Русу, Саффариддер бийлиги кеп кылынган кыязы. Бул геосаясий чөлкөмдөгү бардык этникалык бирдиктер (эл, этнос, уруу, фратрия, урук) ушул аталган державалардын бирине таандык болгон. Кыргыз журтуна кимдер кирген? Албетте, тарыхый кандаш кырк кыргыз уруулары. Булардын этникалык башаты, тили, маданияты, каада-салты, жашоо образы бирдей болгон.
Кыргыз журту – бул журт (федерация, каганат), б.а. кырк уруу бирикмеси. Эпосто журт дал ушундай статуста катышат. Бул журт мамлекеттик-этникалык түшүнүгүн эл, калк, этнос, уруу түшүнүктөрү менен бирдей кароого болбойт. Эзелтен Кыргыз журтун түптөп, кыргыздын башатында турган Кара кан, Огуз кан, Аланча кан, Байгур кан, Бабыр кан, Түбөй кан, Көгөй кан, Ногой кан ата-бабаларынын геосаясатын, идеологиясын туу туткан Бакай, Кошой, Манас, Семетей, Сейтек кырк уруу кыргыздын атынан чыгышкан. Алардын журту да, эли да, уруусу да, уругу да, ата-бабалары да кыргыз болуп, кыргызды урууга, тэк-жаатка бөлүп кароо болбогон (Бакай: “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, // Бөлүнүп калды кыргыз деп // Бөлөк элге кеп кетет” (IV китеп, 195-б.)).
Манас – Кыргыз журтунун үмүт-тилеги.