Сузакта окуучу кызга кол көтөргөн мугалим жумушуна кайтып келди

Маалыматка караганда, мектеп жетекчилиги кечээ, 26-май күнү жазылган арызды артка кайтарып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, азыркы учурда дарылануудагы мугалим жумушун улантарын маалымдаган.
Социалдык тармакка сабак учурунда окуучу кызды мугалим уруп жаткан видео тарап, талкууга алынган. Окуя 23-май күнү Сузактын Багыш айыл аймагындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте болгон. Мугалим окуучу кызды сабап жатканын класстагы балдар уюлдук телефонго видеого тартып алууга үлгүргөн.
Окуя боюнча Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн комиссия түзүлүп, териштирүү иштери башталган. Анын негизинде мугалим Эмгек кодексинин 381-беренесинин 2-бөлүгүнүн (педагогикалык кызматкер окуучуга, тарбиялануучуга карата күч колдонуп жана (же) психикалык зомбулук көрсөтүшүнө байланышкан тарбиялоо усулдарын, анын ичинде бир жолу пайдаланганда) негизинде жумуштан бошотулганын Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов билдирген.
Жалал-Абад ОИИБдин маалыматы боюнча, аталган факт текшерүүнү талап кылгандыктан Сузак РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, окуянын чоо-жайы такталды.