Кыз-Көл айыл өкмөтү Сынак (конкурс) жарыялайт

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын ийгиликтуу өткөрүү, айлана — чөйрөнү жакшыртуу жана токойлорду азыркы жана келечек муундар үчүн сактоо, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин алдын алуу жана жашыл бак-дарактардын аянтын көбөйтүү максатында, Аймактарды комплекстуу өнүктүрүү жумуштарын ишке ашыруу максатында Кыз-Көл айыл аймагында жумушчу орундарды түзү менен айыл чарбасын өнүктүрүү жана жаны айыл чарба ыкмалары (инновация) менен иштөө максатында Кыз-Көл айыл өкмөтү Сынак (конкурс) жарыялайт.
Сынактын (конкурс) талаптары
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участогундагы №55 контурдагы 16,53га, №56 контурдагы 22,70га, №61 контурдагы 0,21га,№80 контурдагы 0,97га,№86 контурдагы 46,4га жер аянттарын асылдуулуугун көтөрүү менен жашылдандыруу максатында сатып алуу үчүн арналган зарыл болгон көчөт материалы, бак-дарак породаларынын көчөттөрүнүн саны жөнүндө маалыматтар жана сунуштар.
Сынактын талаптары боюнча кагаз түрүндө так маалыматты айыл өкмөтүн башчысынын орун басарынан алсаңар болот
Сынакка (конкурс) катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтер тапшырылат
Арыз
Паспрот копия
кепилдик төлөм
Ишеним кат эгерде башка бирөнүн ордуна катышып жатса.
Конкурстук сунуштар
Сунуштар Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат мөөнөтү 19-август 2024-жыл
Эскертууу; Конкурс койулган жер аянттары боюнча кошумча так маалымат алуу үчүн Кыз-Көл айыл өкмөтүнө айыл башчыларына жана жер адисине кайрылсаныздар болот. Байланыш тел: 0997 212180
Сынак (конкурс) Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн имаратында 2024-жылдын 24-августунда
саат 10:00дө өткөрүлөт. Кагаз иштерин кабыл алуу 2024-жылдын 19-август саат 17:00гө чейин кабыл алынат.