Темир жолду Бишкектин сыртына чыгаруунун 2 жолу айтылды

Темир жолду Бишкек шаарынын четине чыгаруу ачылыш болот, деп эсептейт депутат Сейдахмат Исмаилов («Ишеним»). Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин 26-майдагы отурумунда айтылды.
Анын айтымында, муну сырткы каражатсыз ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Ал эми шаардын мэри Эмилбек Абдыкадыров темир жолду шаардын сыртына чыгаруу багытындагы 2 жол бар экенин айтты.
«Биринчиси. Өкмөткө да кайрылгам. Бизде Кыргызстан—Өзбекстан—Кытай темир жолу курулганда бул участокту темир жолго киргизүү. Бирок бул бүгүн, кийинки жылы да болбойт, бул стратегия.
Экинчи вариант — Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлүнөн төмөн пайыз менен 30 жылга 1 млрд доллар насыя сурадым. Аларда кызыгуу болду, жакынкы арада дагы жолугушабыз. Өкмөттөн эгерде эл аралык инвесторлорду тапсак, каршы болбой турганын билдиришкен», - деди мэр.
Анын айтымында, темир жолду шаардан чыгаруу менен борбордогу көп маселе чечилмек.