ыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы №226 «Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүү жана анын иштеши жөнүндө» Жарлыгына ылайык кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча конкурс жарыялайт.
Конкурс төмөнкү кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервин түзүү максатында өткөрүлөт:
- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары (акимдер) жана алардын орун басарлары;
- республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарлары;
- облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлери жана алардын орун басарлары;
- айыл өкмөт башчылары.
📅 Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2025-жылдын 4-ноябрынан 6-ноябрына чейин, иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин.
Документтер электрондук форматта кабыл алынат.
Конкурстун этаптары
Конкурс үч этапта өткөрүлөт:
1-этап – талапкерлердин документтерин карап чыгуу жана квалификациялык талаптарга (эмгек стажы, билими, иш тажрыйбасы) ылайык келүүсүн аныктоо.
2-этап – компьютердик тестирлөө.
3-этап – конкурстук комиссия менен маектешүү.
Квалификациялык талаптар
Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы (аким) үчүн
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпы 7 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде 5 жыл жетекчилик кызматта,
же - мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы,
же - мамлекеттик же муниципалдык кызматка байланышпаган тармактарда 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын орун басары үчүн
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 5 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде 3 жыл жетекчилик кызматта,
же - мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы,
же - башка тармактарда 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы.
Республикалык маанидеги шаардын мэринин орун басары үчүн
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 5 жылдан кем эмес иш стажы,
же - тиешелүү кесиптик тармакта 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Облустук маанидеги шаардын мэри үчүн
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде 5 жыл жетекчилик кызматта,
же - мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы,
же - башка тармактарда 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы.
Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары үчүн
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы,
же - тиешелүү кесиптик тармакта 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Райондук маанидеги шаардын мэри үчүн
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 5 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде 3 жыл жетекчилик кызматта,
же - мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы,
же - башка тармактарда 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы.
Райондук маанидеги шаардын мэринин орун басары үчүн
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы,
же - тиешелүү кесиптик тармакта 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Айыл өкмөт башчысы үчүн
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 5 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде 3 жыл жетекчилик кызматта,
же - мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы,
же - мамлекеттик же муниципалдык кызматка байланышпаган тармактарда 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы.
Конкурска катышуу тартиби
Конкурска катышууну каалагандар арызды тиешелүү мамлекеттик портал аркылуу жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө тапшырат.
Талапкер электрондук оферта келишиминде өзүнүн жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө макулдугун берет.
Талап кылынуучу документтер (электрондук форматта)
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтердин сканерленген көчүрмөлөрү тапшырылат:
- жогорку билим жөнүндө документ;
- эмгек китепчеси;
- илимий даража же наам жөнүндө документтер (болсо);
- туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
- мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендигин тастыктаган сертификат;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кирүүдө антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алуу тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенме.
📌 Документтерди кабыл алуу:
2025-жылдын 4-ноябрынан 6-ноябрына чейин, иш күндөрү 09:00 – 18:00.
☎ Кошумча маалымат үчүн байланыш телефондору:
(0312) 62-04-12
(0312) 66-01-49