Кыз-Көл айылындагы №79 Д.Шопоков атындагы мектепте жаңы спорт зал ачылды

601802213 854592330515124 3357313550680609684 n

2025-жылдын 21-декабрында Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кыз-Көл айылындагы №79 Д.Шопоков атындагы орто мектебинде жаңы курулган спорт залдын ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш иш-чарасына Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Ж. Сыдыкназаров, Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. Жумабаев, ошондой эле айыл тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө аким Б.Ж. Сыдыкназаров айыл тургундарын жана мектеп жамаатын жаңы спорт залдын ачылышы менен куттуктап, мектеп жетекчилигине белектерин тапшырды.

Белгилей кетсек, спорт залдын курулушуна жалпы 12 млн 786 миң сом каражат сарпталып, имарат заманбап талаптарга ылайык курулган. Жаңы спорт зал окуучулардын дене тарбия сабактарын өткөрүүгө жана спорттук иш-чараларды уюштурууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген