Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кашка-Терек айылынын Жаңы-Айыл участкасында жайгашкан №87 “Келечек” негизги мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштери толугу менен аяктап, 7-сентябрь күнү пайдаланууга берилди.
Жаңы мектеп 200 окуучуга ылайыкташтырылган болуп, билим берүү процессин сапаттуу жүргүзүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыз кылат.
Бул долбоор жергиликтүү калктын билим алуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, келечек муундардын сапаттуу билим алуусуна өбөлгө болот.
Долбоор «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун, Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү элдин салымы менен ишке ашырылды.




