9-сентябрь күнү Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылында жайгашкан №37 Мамбетаипов атындагы орто мектебинин жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди.
Жаңы курулган имарат 90 окуучуга ылайыкташкан болуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусуна жана билим берүү процессин жакшыртууга бардык шарттар түзүлгөн.
Бул долбоор жергиликтүү мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдап, окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу окуу шарттарын түзүүгө багытталган.
Имарат «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун жана Сузак райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курулуп пайдаланууга берилди.


