Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы №17 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-мартындагы №95-Р тескемесинин иш-чаралар планында каралган “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу максатында, 2025-жылдын 4-апрелинде Сузак районунда көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Сыдыкназаров, ошондой эле райондук мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.
Өнөктүктүн алкагында Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Көк-Булак участкасындагы 35 гектар жерге 23 310 түп бадам көчөттөрү тигилди.
Бул иш-чара айлана-чөйрөнү коргоо, жашыл аймактарды көбөйтүү жана келечек муундар үчүн жаратылышты сактоо максатында өткөрүлдү.




