2025-жылдын 20-декабрында Россия Федерациясынын Москва шаарында “Сузак коомдук бирикмесинин” Жаңы 2026-жылды тосуу майрамдык кечеси болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Москва жергесиндеги Жети Дубан коомчулугунун жетекчилери, достош улуттардын өкүлдөрү, Сузак районунун айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана мүчөлөрү, ошондой эле жергиликтүү жарандар катышты.
Майрамдык кече Сузак коомдук бирикмесинин маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулады.
Иш-чаранын алкагында коомдун ишмердүүлүгүнө жана анын өнүгүшүнө өз салымын кошкон активдүү өкүлдөр ар кандай мамлекеттик жана коомдук сыйлыктар менен сыйланышты. Алардын катарында:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин “Мыкты маданият кызматкери” наамы
- Алкыш, Ардак грамоталар жана Ыраазычылык каттары
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары
- Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамы
- Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы
- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Ыраазычылык каттары
- Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн Алкыштары
- Сузак коомдук бирикмесинин Ардак грамоталары
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн Алкыштары жана башка көптөгөн сыйлыктар тапшырылды.
Бул иш-чара Сузак районунун тургундарынын биримдигин бекемдеп, чет өлкөдө жүргөн мекендештердин байланышын чыңдоого өбөлгө түздү.



