Кыз-Көл айыл өкмөтү айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча арыздарды кабыл алуу башталганын маалымдайт.

Images (9)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин көзөмөлүнө өткөн мамлекеттик фонддун эсебиндеги айыл чарба жерлери кылкандуу дан эгиндерин өстүрүү максатында үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине ижарага берүү үчүн сунушталат.

Ижарага сунушталган жер тилкелери:

  • Кара-Март айылы — №3044 контур, 8,0 га, шарттуу сугат;
  • Кашка-Терек айылы — №3667 контур, 8,50 га, шарттуу сугат;
  • Көк-Булак айылы — №133 контур, 15,0 га, кайракы;
  • Көк-Булак айылы — №142 контур, 15,50 га, кайракы.

Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү

Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларынан жана айыл чарба кооперативдеринен арыздар 2026-жылдын 9-октябры саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Арыздарды төмөнкү жерлерге тапшырууга болот:

  • Сузак райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын имаратына;
  • Agrojer.kg электрондук порталы аркылуу.

Дареги: Сузак айылы, Дакан-Палван көчөсү №52, 2-кабат.
Байланыш телефону: 03748 5-00-81.

Эскертүү: Айыл чарба министрлигинин көзөмөлүнө өткөн мамлекеттик фонддун жерлери жеке чарбалык субъектилерге ижарага берилбейт.

Кыз-Көл айыл өкмөтү

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген