ЫМБАТТУУ УНАА ЭЭЛЕРИ!
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2025-жылдын 1-июлуна чейин бардык транспорт каражаттарынын ээлери ОСАГО – жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин алууга милдеттүү.
ЭСКЕРТҮҮ:
1-июлдан кийин камсыздандыруу полиси жок унаа ээлерине мыйзам чегинде айып пул салынышы мүмкүн.
🔹 Эмне үчүн ОСАГО керек?
• Жол кырсыгында үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабат
• Сиздин финансылык чыгымдарыңызды жеңилдетет
• Жарандык жоопкерчиликти мыйзам чегинде жөнгө салат
• Кырсык болгон учурда сиздин укугуңузду жана башкалардын коопсуздугун коргойт
🔹 Кимдер камсыздандыруу алышы керек?
Бардык транспорт каражаттарынын ээлери:
• жеке жактар
• юридикалык жактар
Аларга төмөнкү унаалар кирет:
• жеңил унаалар
• жүк ташуучу унаалар
• кызматтык транспорт
• атайын транспорт каражаттары
ОСАГО полисин кайдан алса болот?
• лицензиясы бар расмий камсыздандыруу компанияларынан
• же болбосо айыл өкмөт аркылуу иш алып барган расмий камсыздандыруу өкүлдөрүнөн
Акыркы мөөнөт:
2025-жылдын 1-июлуна чейин
Убакыт аз калды — камсыздандырууну бүгүн эле алыңыз!
Өзүңүздү, үй-бүлөңүздү жана башкаларды коргоңуз!