УРМАТТУУ КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТУРГУНДАРЫ!
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2025-жылдын 28-майындагы №284 токтомуна ылайык, жер мунапысын алуу боюнча арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунан баштап токтотулат.
Кайрылуу үчүн акыркы мөөнөт — 2025-жылдын 30-июну.
Ошондуктан төмөнкү шарттарга туура келген жарандар райондук жер мунапысы комиссиясына тез арада кайрылуусу зарыл:
• Өзүм билемдик менен курулган же курулушу бүтпөй калган жеке турак үйлөрү бар жарандар
• Айыл чарба өндүрүшүнө пайдаланууга жараксыз, шахмат түрүндө жайгашкан бош жер тилкелери бар жарандар
Эскертүү:
2025-жылдын 28–30-июнунда Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жер адистери бекитилген графикке ылайык күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.
Убакытты өткөрбөй, тиешелүү документтер менен кайрылып үлгүрүңүздөр!
