2025-жылдын 20-мартында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Сузак, Кызыл-Туу жана Кыз-Көл айыл аймактарынын окуучуларынын катышуусунда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага жол бербөө максатында даярдалган видео роликтердин сынагы өткөрүлдү.
Иш-чарага Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары А.К. Маматжанов, Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы О.А. Мамытов, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана мектеп жетекчилери катышты.
Сынактын негизги максаты – жаш өспүрүмдөр арасында мыйзамдуулукту сактоону түшүндүрүү, кылмыштуулуктун алдын алуу жана окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү болуп саналат.
Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышат, ошондой эле жеңүүчү видео роликтер райондун айыл аймактарындагы жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучуларына көрсөтүлөт.




